Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

кыялдануу

Баш барак | Ырдайлы кыргыз ырларын | кыялдануу

Созу А. Осмоновдуку

Обону К Тагаевдики

Бирге журдук, бирге жайлап бир айлап,

Кайык минсек сен отуруп, мен айдап,

Мен арчадай жаш эсебин билгизбей,

Сен кайындай жаны гана,

Сен кайындай жаны гана бур байлап.

Уялбадым, тарткынчылык кылбадым,

Шек билгизбей атынды атап ырдадым,

Тик карабай чырайыма, жузумо,

Сен уялып жерди карап,

Сен уялып жерди карап кызардын.

Кетпейт, кетпейт ал уяттын кызылы,

Мына ошондо ашыктыктын кызыгы.

Кубартпаса, бозортпосо кокустан,

Фрунзенин аптабы курч,

Фрунзенин аптабы курч ысыгы.

Жайгаштыруу: 2016-05-20, Көрүүлөр: 755, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-20
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу