Кыдырбаева Раиса

Кыдырбаева Раиса Заитовна (1930-ж. туулган, - Бишкек) – «Манас» изилдөөчү, филология илиминин доктору (1984 ж.), КРУИАнын корреспондент мүчөсү (1989 ж.). Кыргыз Республиксын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, илимге эмгек сиңирген ишмер.

1952 ж. КМУнун филология факультетин (орусча бөлүмүн) бүтүргөн. Кыдырбаева 1956 ж. А. М. Горький атындагы дүйнө адабият институтунун аспирантурасын бүтүрүү менен «А. Осмоновдун лирикасы» аттуу темада кандидаттык диссертациясын коргогон.

1956—60-ж. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын ТАИде кенже илимий кызматкер, 1960—86-ж. улук илимий кызматкер болуп иштеген.

1986-жылдан «Манас» бөлүмүндө (мурда сектор) башкы илимий кызматкер.



Республикалык жалпы биримдик мезгилдүү басма сөз беттеринде кыргыз жана орус тилдеринде фольклор изилдөө, адабияттаануу маселелери боюнча 100-гө жакын макалалары жарыяланган, алардан башка 19 изилдөө иштери (анын ичинде 9 монография) бар.

Кыдырбаева жалпы республикада, андан тышкаркы жерлерде таанымал фольклор изилдөөчү, адабияттаануучу катарында кеңири белгилүү. «Манас» ж. б. кенже эпостордун ар түрдүү көйгөй, маселелерин талдап жалпылаган. «Саринжи-Бөкөй» эпосунун идеялык-көркөмдүк бөтөнчөлүктөрү", «Жаңыл Мырза» эпосунун поэтикалык традициялары", «Манас» эпосундагы традициялык жана индивидуалдык маселелерине карата", «Манасчынын айтуучулук чеберчилиги», «Манас» эпосунун генезиси, «Манас» эпосунун варианттары» деген ж. б. монография, изилдөөлөрдүн автору.

М. Убукеевдин 1988 ж. чыккан "Улуу манасчы" даректүү тасмасынын илимий кеңешчиси.

2004-ж. басмадан чыккан Сагымбай Орозбак уулунун айтымындагы "Манас" эпосунун академиялык басылышына баш сөз жазган.

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)