Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кыдырбаева Фатима Чапы кызы

Кыдырбаева Фатима Чапы кызы (1914, азыркы Чүй облусу, Чүй району, Он-Бир-Жылга айылы -1979, Фрунзе) — кыргыз аялдарынан чыккан алгачкы укук таануучу. Кыргыз ССР Жогорку Сотунун төрайымы (1941-47). Ленинграддагы жумушчулар ф-тин (Рабфак), Фрунзе кыз-келиндер окуу жайын, Ташкенттеги Орто Азия коммунисттик университетин (САКУ), Кыргыз ССР Юстиция ЭКСтин алдындагы укук мектебин (1936), Москвадагы Бүткүл союздук юридикалык институтун (1945) бүткөн. Ленинграддагы «Красный Путиловец» заводунда мастердин жардамчысы, Ош, Жалал-Абад, Ноокат аймактарында комсомолдук, парт. кызматкер, Фрунзе шаардык прокурорунун, Кыргыз ССРинин башкы прокурорунун жардамчысы, Чүй облусунун Аламүдүн, Бишкек шаарынын Свердлов р-ндорунун прокурору болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2-чакырылышы) депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)