Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кыдыр Байсары уулу

Баш барак | Биографиялар | Кыдыр Байсары уулу

Кыдыр аке (1843, азыркы Ак-Суу району, Сары-Жаз өрөөнү, Кайындынын Байыш жайлоосу -1926, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) - бугу уруусунун арык уругунан чыккан манап, таанымал элчи. Калмак менен кыргыздардын ортосунда элчи катары белгилүү болгон Олжобай бийдин небереси. К. орус менен кыргыз элдеринин ортосундагы байланышты чыңдоого жигердүү катышкан. Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине Каракол уездинен кадырман өкүл катары чакырылган. Ал Россия империясынын алыскы губернияларынын биринин ишенимдүү адамы катары сенатка мүчө, мамлекеттик 4-думага депутат болуп шайланган. Эки элдин ортосундагы байланыпгга көрсөткөн элчилик ишмердиги үчүн ага алтын медаль жана подполковник чини ыйгарылган. Калыстыгын, акылмандыгын эл баалап, аны 6 жолу (18 жыл катары менен) болуш шайлашкан. 1916-жылкы улуу үркүндө өз болушундагы элди кыргындан, ачкачылыктан сактап калган.

Анын «Кыдырдын арман күүсү» (башкача аталышы «Төгөчү күү») деп аталган күүсү элге кеңири белгилүү; ал атактуу комузчу Ыбрай Тумановдун туура жолду тандап алуусуна кеңеш берген. 1993-жылы анын 150 жылдыгы белгиленип, Кереге-Таш айылынын четине бийиктиги 16 м келген күмбөз тургузулган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 662, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу