Кыдыкеева Бакен

Атактуу жазуучу Чынгыз Айтматов атабыздын китептерин окусаңар керек. Бул китептердин негизинде көптөгөн кинофильмдер тартылып, театр сахнасында коюлуп жаткандыгынан кабарыңар барбы?. Аларда кыргыздын мыкты артисттери ойногон жана ойноп келе жатышат. Алардын бири таланттуу актриса - Бакен Кыдыкеева эжебиз. Баскынчылардан мекенин коргоого кетип, кайтпай калган күйөөсүн, балдарын эскерип, жер эне менен маектешип турган кайратман эненин монологун толкунданбай угуу мүмкүн эмес. Ал ошондой эле Ч. Айтматовдун Биринчи мугалим, Жаныбарым, Гүлсарым, Бетме-бет аттуу чыгармаларында кайталангыс образдарды жаратты. Салтанат аттуу фильм кыргыздын туңгуч көркөм фильми болгон. Бакен Кыдыкееванын кинодогу ишмердиги ушул фильм менен байланыштуу. Ал чыгармачылык жолун Фрунзедеги (азыр Бишкек шаары) жаш көрүүчүлөр театрынан баштаган. Кийин облустук, республикалык театрларда эмгектенген.

Ал оң, терс, комедиялык, трагедиялык ролдорду бирдей аткарган чебер артист болгон. Бакен Кыдыкева кыргыз драматургдарынын чыгармалары менен катар эле орус жана дүйнөлүк классиктердин чыгармаларындагы каармандарды да жогорку деңгээлде ойногон. Таланттуу актрисанын эмгеги жогору бааланып, Ленин ордени менен сыйланган жана Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)