Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Кычыткы

Кычыткы — теринин абдан кычышып, учунда ыйлаакчасы бар мала кызыл бүдүрчөлөрдүн пайда болушу менен мүнөздөлгөн оору. К. айрыкча түнкүсүн күчөйт. К. көбүнчө бут колдун бүгүлгөн жеринде, чанда денеде болот. Оору менен бул же тигил тамак продуктуларына сезгич (Шилтеме: Аллергия), кичине балдар ооруйт. Баланы туура эмес тамактандыруу, балага жумуртка, эт, кантты, жемишти (айрыкча кулпунай), апельсин, балыктын кээ бир сортун, чанда сүт азыктарын бергенде болот. Бала кычышканда кан чыкканча тырмай берип, инфекция киргизип, ириңдүү жара пайда болушу мүмкүн. Ден соолугу начар, нерв системасы бузулган балдарда өтө катуу болуп, дарылоо кыйындайт.

Чоң кишилерде К. ичеги-карын жолунун (ичеги, боор), нерв жана эндокрин системасынын ооруларына, организмдеги инфекцияга (тонзиллит, гайморит жана башка) жараша өөрчүйт. Оорулуунун көңүлү чөгөт, уйкусу бузулат, эмгекке жарамдуулугу начарлайт. Кээ бир учурда арткы тешиктин айланасында, жыныс органынын сыртында, дененин башка бөлүктөрүндө да болушу мүмкүн. Глисттер (мите курттар), геморрой, заара чыгуучу органдардын өнөкөт оорусу себеп болот. К-нын пайда болушунда жаш өзгөчөлүгүнүн да мааниси бар. К. карыган кишилерде көбүрөөк кездешет. Узак убакыт кычышып тырмай берүүнүн натыйжасында тери күрөң тартып, дордоюп калат. К-ны врач дарылайт. Учурда кычыткыны дары-дармектер менен дагы айыктырса болот.

Дарылоодо балдарды туура тамактандыруунун мааниси чоң. Аллергияны пайда кылуучу тамак берүүгө болбойт. Уйдун майсыз этин сууга бышырып берүү, баланы ашыкча тамактандырбоо керек. Баланын тамак рационунда жашылча, буурчак, жемиш (цитрустан башка), сүт - кычкыл азыктар, айрыкча быштак болгону талапка ылайык. Күнүгө таза абада болуу, жайында күн ваннасы, өзгөчө деңизге түшүү сунуш кылынат. Баланын тырмагын кыска алып коюу зарыл.

Врач сунуш кылган эмен кабыгы же ит уйгак тундурмасы кошулган ванна (35—36°, 10—15 мин.) кычышууну басат. К. теринин ириңдүү жарасына айлана баштаганда тезинен врачка кайрылуу зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)