Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кычкылтек

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кычкылтек

Абанын курамында түссүз, жытсыз жана даамсыз бир газ бар. Ансыз дем алуу мүмкүн эмес, ансыз эч бир зат күйбөйт. Бул - кычкылтек. Бардык жандуу нерселер дем алуу үчүн күн сайын өтө зор өлчөмдө кычкылтек сарптайт. Ал эми дүйнөдөгү от жагылуучу чоң жана кичине мештердин саны канча! Үй жылытуучу мештерди мындай коюп, өнөр жай мештерин - домна, мартен, кыш бышыруучу мештерди эле алалычы. Өсүмдүктүн жашыл жалбырактары болбогондо, биз эбак эле кычкылтек жетпей думугуп жок болмокбуз. Жалбыракка күндүн жарыгы тийгенде ал абадагы көмүр кычкыл газды жутуп, кычкылтекти бөлүп чыгарат.

Жер атмосферасында кычкылтек мына ушул себептен жок болуп кетпей, дайыма толукталып турат. Кычкылтектин орду абада эле эмес. Ал башка бир газ - суутек менен биригип сууну пайда кылат. Жер кыртышындагы ар бир экинчи атом - кычкылтектин атому. Мындан 200 жылдай мурда эле адамдар кычкылтектин бар экендигин билишчү эмес.

1770-жылы гана химиктер кээ бир заттарды ысытканда бөлүнүп чыккан газда шам абада күйгөндөй эле чатырап күйө тургандыгын алгачкы ирет байкашкан. Француз окумуштуусу Антуан Лавуазье бул газ жегич суюктуктардын - кислоталардын пайда болушуна активдүү катыша тургандыгын тапкан. Ошондуктан Лавуазье аны латынча оксигениум деп атаган. Бул болсо кислотаны пайда кылуучу, кислотанын теги дегенди билдирет.

Кышкысын кычкылтек кайдан пайда болот?
Айткандай эле кычкылтек өсүмдүктөрдөн пайда болот, бирок кышында өсүмдүктөр өспөйт да, анда кычкылтек эмне үчүн түгөнүп калбайт? Биринчиден жер шарынын бардык жеринде эле кыш боло бербейт, демек башка жылуу жерлерде сөзсүз кычкылтек бөлүнүп турат. Экинчиден кышкысын өскөн бак-дарактар дагы бар, мисалы, карагай сыяктуу ийне жалбырактуулар, булар кышкысын дагы кычкылтек бөлүп чыгарат. Үчүндөн океандарда, тоңуп турган деңиздердин, көлдөрдүн түбүндө баарыбир түрдүү өсүмдүктөр өсөт булар дагы абанын пайда болуусунуна зор салымын кошот. Ал эми жер планетасында аба массасы өтө тез алмашканына байланыштуу кычкылтек дайыма бардык жерде жетиштүү өлчөмдө. Бул газ жер атмосферасынын көлөмүнүн 20-21% түзөт жана бул көрсөткүч жердин кайсы бурчунда болбосун дайым туруктуу. Ал гана эмес кышкысын кычкылтек көбүрөөк да болушу мүмкүн анткени, муздакта аба кысылып тыгыздашат. Велосипед баарыбызда эле болсо керек? байкасаңар анын дөңгөлөгүндөгү жел муздактан тыгыз болгонуна байланыштуу дайыма кышкысын азайып калат.

Таза кычкылтекте бардык нерсе күйөт
Оттун күйүү процесси түрдүү заттардын кычкылтек менен кошулуусунда жүрөт. Кычкылтек активдүүлүгү боюнча фтордон кийинки экинчи метал эмес зат, ошондуктан ал каалаган зат менен өтө активдүү химиялык процесске өтөт. Эгер көптөгөн заттар кычкылтектин үлүшү 20-21% болгон жөнөкөй абада оңой эле тутанса, таза же концентрацияланган 50-60-70-80-90-100% кычкылтектек кандай күйөт? Таза кычкылтекте начар күйгөн же таптакыр күйбөгөн заттар дагы тутанат, мисалы темир дагы күйүп кетет. Ал эми суюк кычкылтекти колдонсок андан дагы бат күйөт. Эгер суюк кычкылтек менен күкүм сыяктуу заттарга кошуп (опилка, мох, торф) күйгүзөк ал нерселер ушунчалык тез күйгөнүнө байланыштуу, кадимки бомбадай жарылып кетет.

Ааламдагы кеңири таралган зат
Жер кыртышындагы кычкылтектин курамы (салмагы боюнча) дээрлик 50% түзөт. Ааламда кеңири таралгандыгы боюнча үчүнчү орунда, биринчи орунда суутек, экинчи орунда гелий. Ал эми адам баласынын денесинде кычкылтек 65% түзөт.

Кычкылтек аз болсо да, көп болсо да зыян
Адам организми атмосфералык басымдагы 20-21 пайыздык концентрациядагы кычкылтекке ылайыкташкан. Эгер концентрация бир нече пайызга төмөндөсө, адам өзүн начар сезет. 17% концентрацияда киши тез чарчап, башы айланат, 13% концентрацияда эс-учун жоготуп коет, ал эми 7% пайызга төмөндөсө өлүмгө учурайт.

Жогорку концентрциядагы кычкылтек менен деп алса эмне болот? Кээ бир учурларда бул пайдалуу. Мисалы, медицинада астма, кургак учук, уулу газдар менен ууланганда жана ушул сыяктуу кээ бир ооруларды дарылоодо колдонушат. Ошого карабастан концентрациясы жогору кычкылтек менен дем алуу зыян, ал эми өтө жогорку концентрацияда кан басым көтөрүлүп, кычкылтек менен ууланууга алып келет. Мындай көйгөй менен биринчилерден болуп суучулдар жабыр тартышкан. Алар жогорку басымдагы кычкылтек баллондорунан дем алышып, колу-буту тырышып, кусуп кыйналышкан. Ошондон кийин суучулдардын дем алуу аппараттарында аба концентрациясы төмөндөтүлгөн.

Кычкылтек жонундо кызыктуу фактылар

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 20139, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-09-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу