Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кычан Жакыпов

"Кычан Жакыпов" Кызыл жагоочон баатыр Кычан душман колунан курман болду деген суук кабар республиканын булуң-бурчуна тез эле тарады. Ошондо кыргыз элинин таланттуу акыны Алыкул Осмонов пионерлердин атынан: Кош, Кычан! Майтарылбас болот элең... Taп үчүн аткарууга милдетиңди, Сен өстүң тарбия алып пионерден... Кош, Кычан! Милдетиңди аткарабыз, Ишиңе пионерлер, биз, даярбыз! - деп убада берген. Эрдиги ырга айланган бул бала ким? 30-жылдардын башталышында биздин өлкөдө айыл чарбасын коллективдештирүү кеңири кулач жайган.

"Кычан Жакыпов" туулуп өскөн азыркы Кант районунун Социалчыл айылында да кедей дыйкандар колхозго биригишкен. Он үч жашар сергек пионер Кычан колхоз душмандарын ашкерелеген. Алар жаңы турмуш үчүн күрөшкөн эр жүрөк баланы мыкаачылык менен бычактап өлтүрүшөт. Бирок, Кычандын эрдиги, аты унутулган жок. Ал ошол кайгылуу 1933-жылдан бери элдин эсинде баатыр пионер катары жашап келе жатат. Азыр Кычан окуган мектепте анын музейи бар. Мында анын кызыл жагоосу, отурган партасы, калпагы, камчысы, ээр-токуму коюлган. Бир кезде Кычан окуган мектептин жанына заңгыраган көп кабаттуу имарат курулган.

Бул - "Кычан Жакыпов" атындагы орто мектеп. Кошумча маалымат бул жакта

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4733, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо