Кузордо, Xосунордо, Xус Ордо — орто кылымдардагы Караханид мамлекетинин борборлорунун бири. В. В. Бартольд кара-кытайлардын гурханы турган ставка (бекем, күчтүү ордо, борбор) же «Хото» («үй») деп эсептеп, анны Чүй суусунун жээгине жайгаштырат. М. Кашгаринин эмгегинде Баласагун шаары Кузордо деп аталып калган. Бирок орду так белгиленген эмес. Кузордону араб, фарсы маалыматтарындагы Ордо (Орду) шаары менен салыштырууга болот. Аны Н. А. Бернштам азыркы Кызыл-Суу шаар калдыгы деп болжолдогон. Кузордонун аталышы орто кылымда кыргыздар сыйынган Куну Куту деген («Худуд ал-Аламда» белгиленгендей хото, хуту — «ажыдаардын мүйүзү» арабча «шахи-и аждаза») белгисиз жаныбардын мүйүзүнө байланыштуу аталган деген ойлор да айтылат. Башка маалыматтар боюнча Кара-Балта суусунун Чүйгө кошулган жерине (Казакстан, Ак-Төбө шаарынын урандысы) жакын орун алышы мүмкүн. Баласагун шаарынын жайгашы тууралуу да айрым карама-каршы көз караштар бар. Кыргыз санжыраларында Баласагун (Баласагын) шаары Сыр-Дарыянын ортонку агымы, башкача айтканда Отор (Отрар) шаарына жакын жайгашканы айтылат.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер