Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кутузов Михаил Илларионович

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кутузов Михаил Илларионович

1812-жылы июнь айында француз императору Наполеондун армиясы Россиянын чегине басып кирген. Ата Мекендик согуш башталды. Душман аскери орус аскерине караганда көп эле. Француз баскынчылары өлкөгө тереңдеп кирип келишти. Мына ушундай катаал мезгилде орус армиясынын башкы командачылыгына Суворовдун шакирти, даңктуу аскер башчысы Михаил Илларионович Кутузов дайындалат. Европадагы эң чоң жана эң күчтүү армияларды жеңип келген Наполеон бул кабарды угуп сестене түшкөн, себеби ал Кутузовдун өтө акылдуу, айлакер аскер башчы экендигин жакшы билчү. 1805-жылы эле Россия Европага согуш жүргүзүп жаткан Наполеондун аскерлерине каршы башка мамлекеттер менен союздаш болуп согушка чыккан. Аустерлиц шаарынын жанында чечүүчү салгылашуу болот.

Эгер ошондо орус падышасы Александр I Кутузовдун кеңеши боюнча кошумча аскерлердин келишин күтүп, чабуул коюу үчүн күч топтогондо орус аскерлери жеңилишке учурамак эмес. Ал эми 1812-жылы Ата Мекендик согуш болордун алдында Кутузов Дунайдагы согушта түрктөрдү жеңип, Россия үчүн ыңгайлуу тынчтык келишимди түзүүнү камсыз кылган. Ошентип, Россия бир мезгилде эки жоо менен согушуу коркунучунан кутулган. Мына ошондуктан Кутузовдун башкы командачы болуп дайындалгандыгы Наполеонду сестенткен болчу. Кутузов Москванын алдындагы Бородино кыштагынын жанында Наполеон менен беттешүүнү чечет.

1812-жылы 26-августта бул жерде даңктуу Бородино салгылашуусу болду. Наполеон өзүнүн солдат, офицерлеринин тең жарымынан ажырайт. Менин бардык, салгылашууларымдын ичинен эң катаалы жана үрөй учурганы - бул Москванын алдындагы салгылашуу - деп жазган ал кийинчерээк. Бирок орустар да бул согушта көп адамдарынан ажыраган дагы, артка чегинүүгө туура келди. Москванын жанындагы Фили деген кыштакта Кутузов аскер кеңешин өткөрөт. Москваны согушпастан эле душманга калтырып кетүү чечилет. Кутузов мындан орус армиясын сактап калууну, жаңы күчтөрдү алып келип таптоо үчүн убакыт утуп алууну көздөдү. Француздар Москвада көп деле боло алышпаган.

Жей турган эч нерсе жок эле: партизандар азык-түлүк тартып келе жаткан арабаларды басып алып жатышты, күн суук, жашай турган жер жок: өтө зор өрт болуп, шаардын жарымы күйүп кеткен эле. Француздардын күчү кетип, абалы начарлайт. Акыры душман Москваны таштап чыгып кетүүгө мажбур болот. Наполеон Москвага Смоленск аркылуу келип, жолун дагы бардык айыл-кыштактарды талап-тоноп, бүлгүнгө учураткан. Бул тараптан француздар өздөрүнө азык-түлүк таба алмак эмес. Наполеон батышка Калуга жолу менен кетүүнү чечет.

Бирок Кутузов Малоярославецтин жанындагы бир нече жолку салгылашуудан кийин француздарды дал Смоленск жолу менен чегинүүгө мажбурлайт. Душманды талкалоодо орус армиясына партизан отряддары жардам берген. Орус армиясынын каршы чабуулу француздарды Березина дарыясынын жанында толук талкалоо менен сактайт. Кутузовдун акылдуу жана айлакер жетекчилигинин натыйжасында орус армиясы күчтүү жана тажрыйбалуу душманга каршы согушта эң сонун женишке жетишкен. Россия менен болгон согуш Наполеондун тагдырын чечти. Европа элдерин наполеондук баскынчылардан бошотуу башталды.

Орустун даанышман аскер башчысы Кутузов алдыңкы аскер өнөрүн түзүүчүлөрдүн бири болгон. Ал орус злинин күчүнө ишенген. Улуу Ата Мекендик согуштун катаал кыйын мезгилинде Кутузов ордени чыгарылган. Ал аскердик ак кызмат көрсөткөнү үчүн берилүүчү күжүрмөн жогорку сыйлык болгон.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1877, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу