Кутадгу билиг поэмасы

Адамды акыл башкарат, акыл илимден башталат... (Жусуп Баласагын)

Кыргыз элинин орто кылымдагы даанышман акын, ойчул, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Баласагындын философиялык-дидактикалык "Кутадгу билиг" дастаны 1069-жылы кол жазма түрүндө жарык көргөн. Бул дастан ааламдын булуң-бурчуна жайылып, айрыкча Чыгыш өлкөлөрүндө: Кытайда, Иранда, Арабстанда, Туранда жана башка жерлерде зор сүймөнчүлүккө ээ болгондуктан, ирандыктар аны "Шах китеби" же "Падыша китеби" деп аташса, араб өлкөлөрүндө "өкүмдардын зыйнаты", Кытайда "Мамлекет түркүгү", турандыктар "Куттуу билим", ал эми айрым жерлерде "өкүмдарга осуят китеп" деп аташкан. Кыргыз тилинде "Кут алчу билим", экинчи жолу "Куттуу билим" деген аталыш менен басмадан чыккан.

Орто Азия жана Чыгыш Түркстанда жашаган түрк урууларына орток адабий мурас - Кутадгу билигдин азыр үч көчүрмө нускасы белгилүү. Биринчиси, 1439-жылы Герат шаарында (түндүк Афганистанда) уйгур жазмасы менен (азыр Вена шаарында сакталууда), экинчи 14-кылымдын биринчи жарымында араб жазмасы менен даярдалса, үчүнчү эң байыркы Наманган жана Каир нускасы араб жазмасы менен көчүрүлгөн. Кутадгу билигдин жалпы көлөмү 13444 сайты түзөт.

Китепте өлкөнү кантип башкаруу, кандайча туура саясат жүргүзүү керектиги жөнүндө бай, тарыхый, этнографиялык, лингвистикалык, социологиялык жана башка энциклопедиялык маалыматтар камтылган.

Ошентип, улуу бабабыз Жусуп Баласагындын "Кутадгу билигин" кыргыздын Карахан мамлекетинин башкаруучусуна атайы белек катары тартуулашы да кокусунан эмес. Анткени, жаңыдан түптөлүп келе жаткан феодалдык мамлекеттин башкаруучусуна өлкөнү бийлөөнүн жол-жобосун көрсөткөн, карапайым эл менен болгон мамиле, элдин муктаждыгын, мүдөөсүн, жашоо шартын жакшыртуунун жолдору, коңшулаш өлкөлөр менен болгон байланышы жөнүндө маалымат берип, жаңы жолго баштоого багытталган.

Дастандын экинчи басылышына Кириш сөз жазган Аскар Бекбо: "Өз учурунун өзгөчөлүгүн андай билген Жусуп Баласагын санат-насыят түрүндө жазылган чыгармасы аркылуу теги көчмөн караханийлерге (кыргыздарга) өлкөнү башкарууну үйрөтүү максатын көздөгөн", - деп туура баалаган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)