Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Куштардын чечеги (Оспа)

Баш барак | Ветеринария | Куштардын чечеги (Оспа)

Куштардын чечек оорусу менен негизинен тооктор, күрптөр жана көгүчкөндөр ооруйт.

Оорунун күнөөкөрү. ДНК камтыган тооктун, көгүчкөндүн, күрптүн, кара чыйырчыктын жана канарейканын оспа чакыруучу беш туру бар. Ысык температуранын таасирине туруксуз.

Оорунун таркатуучулары. Жарасынын түшкөн карттары менен вирус бөлүп чыгаруучу оорулуу жана ооруп айыккан тооктор. Жугуу ооруган жана соо тооктордун түз тийишүүсүнөн жана аларды чогу бакканда жүрөт. Андан сырткары тоют, суу, астыдагы төшөлмө (подстилка), шаймандар, жумуртка жана тоок багуучулардын вирус менен булганган кийимдеринен жугат.

Клиникалык белгилери. Буктурма мезгил 3-20 күн. Канаттуулардын денеси ысыйт 42 – 44 градус, таажысында , сакалдарында , оозунун тегерегинде, буттарында кызарган дөмпөкчөлөр пайда болот. Биринчи чоң тооктор андан кийин жөжөлөр ооруй баштайт.

Диагноз. Эпизоотологиялык, клиникалык, патологоанатомиялык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн негизинде коюлат (микроскопиялык изилдөө жана биопроба).

Дарылоо. Тоютта А витаминин көбөйтүү керек (көк көп, сабиз, балык, май, сөөк уну ж. б.)

Алдын алуу чаралары. Башка жактан алынып келинген тоокторду өзүнчө (карантинде) кармоо. Эгер оорусу болсо союп жок кылуу керек. Тооктордун кыгы биотермикалык жол менен жугушсуздандырылат.

Жайгаштыруу: 2016-08-18, Көрүүлөр: 1218, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-08-18
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо