Куштар

Куштар, канаттуулaр (Aves) — омурткалуу жаныбарлар классы. Куштар айрым морфол. белгилери жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү боюнча (жумуртка туушу) сойлоочуларга окшош, айырмасы денеси мамык жүн менен капталып, ал жылуулукту сактайт жана учканда жылмышууну камсыздайт. Куштардын склети жеңил жана бекем, алдынкы колу учууга ыңгайланып, канатка айланган. Булчуңдары, айрыкча учтургуч булчуңу жакшы өөрчүгөн. Жүрөгү 4 камералуу, салыштырмалуу көлөмү чоң, тез кан айланууну камсыздайт. Зат алмашуусу күчтүү жүрөт, кан басымы жогору, артерия жана вена канына бөлүнгөн, дене температурасы жогору жана туруктуу. Териси жука, бездери жок (чычаң безинен башка). Скелети учууга ыңгайланган, аба толгон көңдөйчөлөрү, минерал туздары көп болгондуктан, жеңил жана бекем болот. Төш сөөгү кырдуу, ага көкүрөк булчуңдары бекийт жана кабыргалар аркылуу омурткаларга биригет. Куймулчак омурткалары бири бирине кошулуп, жамбаш сөөгү менен биригип өскөн. Куштардын денесинде өпкөсү менен байланышкан аба баштыкчалары бар. Дем алганда (канатын көтөргөндө), аба өпкө аркылуу аба баштыкчаларына толот, дем чыгарганда, кайра өпкө аркылуу өтүп, газ алмашуу күчөп жүрөт. Азыктануусунун ар түрдүүлүгү кызыл өңгөчтүн өзгөрүүсүнө, башкача айтканда жемсөөнүн, булчуңдуу карындын, узун ичегинин пайда болушуна алып келген. Бөйрөгү чоң. Тамак сиңирүү, заара жана жыныс жолдору клоакага ачылат. Зааранын курамындагы суу клоаканын керегеси аркылуу денеге сиңгендиктен, куштар сууну көп талап кылбайт. Мээси салыштырмалуу чоң. Жыт жана даам сезүүсүнө караганда, көрүү, угуу жана тең салмак сезүүсү жакшы өөрчүгөн. Сойлоочуларга караганда куштарда нерв иши жогорку деңгээлде жана жүрүм-туруму татаал. Ар башка куштар жыныстык жактан ар кандай жашта жетилет. Көбөйүүсү жыныс бездеринин ички жана сырткы факторлордун таасиринен мезгилдик өөрчүшүнө байланыштуу. Куштардын азыгы жетишсиз учур алардын циклдүү көбөйүшүн бузат: үкүлөр жана жырткыч куштар кемирүүчүлөр аз болсо, кайчы тумшуктар тобурчак уругу жетишпесе уялашпайт. Куштардын уя салган жери жана уясы да ар түрдүү болот. 1ден 20га, андан да көп (тооктор) жумуртка тууйт. Жумурткасын ургаачысы же эркеги, кай бир куштардын экөө тең басат. Басуу мөөнөтү түрдүү куштарда ар башка болуп, 11—12 күндөн 2 айга чейин созулат. Түйүлдүктүн кийинки өөрчүшүнүн өзгөчөлүгүнө карай балапандуу куштар жана жөжөлүү куштар деп айырмаланат. Куштардын жашоо чөйрөсү да өтө ар түрдүү. Алардын бак-даракта, ачык талаада, сазда, сууда жашоочулары бар. Кээ бир жерде туруктуу жашайт, айрымдары көбөйгөндөн кийин топтошуп учуп кетет, убактылуу жер которот. Куштардын азыркы жашаган 28 түркүмү, 9000 түрү Арктикадан Антарктида жээктерине чейин, бардык табигый зоналарда таралган. Кыргызстанда 340тай түрү кезигет. Табиятта жана адам үчүн алардын мааниси көп түрдүү, өсүмдүк чаңдаштырат жана алардын уругун таратат, курткумурскаларды, кемирүүчүлөрдү ж. б. жоготуп пайда келтирсе, айрымдары бак-дарак, жемиштерге, дан эгиндерине зыян келтирет, жугуштуу ооруларды таратат. Кээ бир куштарга аңчылык кылынат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)