Курулуш машиналары

Курулуш машиналары — курулуш өндүрүшүндө пайдаланылуучу машиналар. Алар жүк ташуучу, жер казуучу жана таптоочу, пайдубал орнотуучу, таш талкалоочу жана иргөөчү, бетон даярдоочу, ташуучу жана шыкоочу, арматура даярдоочу жана ширетүүчү, жыгач буюмдарын иштетүүчү болуп бөлүнөт. Булардан башка курулуш элементтерин көтөрүп орнотуучу крандар жана механикалаштырылган жеңил аспаптар да курулуш машиналарына кирет. Курулуш жүгүн ташуу үчүн өзү түшүрүүчү автомашиналар, трактор чиркегичтери, цемент, ферма, устун, панель, тосмолорду ж. б. ташыгыч атайы курулуш машиналары колдонулат. Жер казууда бир жана көп сузгучтуу экскаватор, скрефер, грейфер пайдаланылат. Ал эми жалгоочу пайдубалды орнотууда жалгоочту уруучу, жер бургулоочу, бетон ташуучу машиналар, автокран пайдаланылат. Бетон даярдоодо керектелүүчү шагылдар жаактуу, конус жана балка түрүндөгү таш талкалагыч курулуш машиналары менен алынат. Жыгач материалынан плинтус, рейка ж. б. даярдоого жыгач сүргүч, жышыгыч, формалагыч ж. б. станоктор иштетилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)