Курочкин Ефрем Георгиевич

Курочкин Ефрем Георгиевич (21. 1. 1921-жылы туулган, Каракол шаары) — гвардиянын улук сержанты, Советтик Союз. Баатыры (1944). 1940-жылдан Советтик Армияда. 1941-жылдын июлунан Улуу Ата Мекендик согушта башкы командованиенин резервиндеги Кызыл Туулуу 220-танкага каршы гвардиялык артиллериялык полктун 217-аткычтар дивизиясынын 5-батареясында замбирек командири. Беларуссиянын Бобруйск шаарын, Пуховичи, Вейшин жерлерин, Рундени темир жол станциясын бошотушкан. Узляны кыштагындагы салгылашта өзгөчө эрдик көрсөтүп, душмандын 6 контр чабуулунун мизин кайтарышкан, 400дөн ашуун гитлерчини өлтүрүп, 50 солдат менен офицерин туткундаган, 10 пулемёт, 2 миномёт жана артиллериялык установканы жок кылып, Польшаны душмандан тазалоого катышкан. Согуштан кийин Жети-Өгүз районундагы «үлгү» колхозунда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган. Айылындагы жашаган үйүнө мемориалдык такта орнотулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)