Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курман-Гали Каракеев

Баш барак | Биографиялар | Курман-Гали Каракеев

Курман-Гали Каракеев Каракеевич — көрүнүктүү илимий ишмер, кыргыз тарыхчысы, журналистика пионери, академик (1960), профессор (1971) жана Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын президенти (1960—1978), СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти (1968).

Мазмуну
Курман-Гали Каракеев, Каракеевич
Курман-Гали Каракеев
Төрөлгөн датасы1913-жыл, 7-ноябрь
Төрөлгөн жериКүрмөнтү айылы, Түп району, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан
Каза болгон датасы2012-жыл, 13 ноябрь (99 жаш)
Каза болгон жериБишкек шаары, Кыргызстан
Илимий тармакКПСС тарыхы
Окумуштуу даражасытарых илимдеринин доктору
Негизги кесибитарыхчы

Өмүр баяны

Курман Гали Каракеев — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Күрмөнтү айылында (мурдагы Жети-Суу облусу, Пржевальск уезди) 1913-жылдын 7-ноябрында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1929-жылы ата-энеси колхозго кирип, Түп районундагы Күрмөнтү колхозунун (Ленин атындагы) мүчөлөрү болушкан. Каракеев 1929-жылга чейин Түп районундагы Түп айылынын айылдык орто мектебинде окуйт. Эмгек жолун Ысык-Көл айыл-чарба техникумун бүткөндөн кийин (1929—1933), 1933-жылы республикалык «Ленинчил жаш» газетасынын редакциясында редактордун орун басары кызматынан баштаган. 1938-жылы большевиктердин Бүткүл Союздук Коммунисттик партиясына (орусча ВКПб) кирген.

Курман-Гали Каракеев

1946-жылы Советтер Союзунун Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитети (ЦК КПСС) алдындагы Жогорку партиялык мектепти бүтүргөн, ал эми 1959-жылы ошол эле уюм алдындагы коомдук илимдер академиясын аяктаган.

1960-жылдан 1978-жылга чейин — Кыргыз ССРинин илимдер академиясынын президенти. Бул кызматта иштеп жүргөндө академиянын түзүмдүк бөлүмдөрүн бекемдөө, илимий изилдөөлөрдүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн илимий мекемелери менен чыгармачылык байланышты кеңейтүү боюнча чоң илимий-уюштуруучулук эмгек жасаган. Андан кийин тарых институтунда бөлүм башчы.

Каракеевдин Бишкектеги Илимдер Академиясынын алдындагы эстелиги
Каракеевдин Бишкектеги Илимдер Академиясынын алдындагы эстелиги

Ишмердүүлүгүнүн аркасынан Кыргыз ССРинде автоматика, физика, математика, тоо тектеринин физика жана механикасы, сейсмология, философия жана укук, биохимия жана физиология институттары түзүлгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын кээ бир башка түзүмдүк бөлүмчөлөрү калыптанган.

1968-жылы СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп шайланган. 12 томдук СССРдин тарыхынын башкы редакциялык кенешинин мүчөсү. 1991-жылы Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти болуп кайрадан шайланган, Россия илимдер академиясынын тарыхый-филологиялык илимдер бөлүмүнүн (ОИФН РАН) тарых секциясынын курамына кирген.

Анын катышуусу менен В. И. Лениндин эмгектери (кыргыз тилинде), КПССтин съезддеринин жана КПСС БКнын пленумдарынын материалдары жана чечимдери жарык көргөн. Коомдук-саясий китептерди жана окуу куралдарын которгон жана редакциялаган.

Ошондой эле советтик-индиялык достук коомунун вице-президенти жана анын Кыргызстандагы бөлүмүнүн төрагасы, чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун президиумунун мүчөсү катары көп иштерди аткарган.

Каза болгонго чейин Россия илимдер академиясынын мүчө-корреспонденттеринин арасында эң улуусу болгон.

Кыргызстандын, анын ичинде Ысык-Көл каласынын тарыхына арналган 350дөн ашык илимий эмгектердин автору, анын ичинде 10 монография. Бул эмгектери ар кайсы тилдерде жарыяланган: англисче, французча, немисче, арабча жана хинди тилдеринде. Анын башчылыгында 20 доктордук жана кандидаттык диссертациялар жакталган. Окуучуларынын көпчүлүгү илимий мекемелердин жетекчилери, Кыргызстанда гана эмес андан сырткары аймактарда көрүнүктүү жана белгилүү. Чет өлкөлөрдөгү эл аралык илимий конгресстерге, конференция, симпозиумдарга илимий докладдары менен бир нече жолу катышкан.

Башка көрүнүктүү илимпоздор менен катар Кыргызстанда тарых илиминин пайдубалын түптөп, андан ары калыптанышына жана өнүгүшүнө көмөктөшүү менен анын башатында турган.

2012-жылдын 13-ноябрында 99 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Каракеевдин Ала-Арча мемориалдык көрүстөнүндөгү эстелиги
Каракеевдин Ала-Арча мемориалдык көрүстөнүндөгү эстелиги

Негизги эмгектери

Сыйлыктары жана наамдары

Түбөлүктөө

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 720, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-23, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу