Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курманбек эпосунун негизги темасы, идеясы, варианттары

Курманбек эпосунун негизги темасы, идеясы, варианттары. Курманбек баатырлык эпостордун бири, «Курманбектин» эл арасында түрдүүчө айтылып жүргөн варианттары бар, алар:

  1. Каим Мифтаков, 1923-жылы Молдобасан Мусулманкуловдон жазып алган.
  2. 1933-жылы Калык Акиев жазып калтырган.
  3. 1958-жылы Т. Каландаровдон жазып алынган.
  4. 1970-жылы Сарыкунан Дыйканбаевден жазып алынган.

Жогоруда берилген варианттардьш ичинен көркөм деңгээлинен жогорусу Калык Акиевдин варианты. Курманбек кенже эпосунун тарыхый негизи ХVI-ХVII кылымдардын биринчи жарымындагы жана XVIII кылымдардын биринчи жарымындагы калмактардын чабуулдары, кыргыздардын аларга каршы жүргүзгөн кайраттуу согуштары болуп эсептелет.

Эпостун негизги темасы Ата Журтту душмандан коргоо. Эпостун негизги идеясы уруу, эл бирдигин сактоо менен сүйүүнү, достукту даңктоо, басып алуучуларга көз каранды болбостугун камсыз кылуу үчүн күрөшүү жана кыргыз элинин саясий-экономикалык абалын көтөрүү.

Ушул идеяны аткаруучу баатыр — Курманбек. Мында басып алуучулар менен болгон күрөштө, кыргыз элинин жалгыз болушу коркунучтуу болгондуктан, коңшу менен биригүү идеясы айтылган. Бул идеяны Курманбектин Кашкар каны Аккан менен достошуусунан ачык көрөбүз.

Кыргыздардын калмактардан жеңилип, аларга көз каранды болуунун себеби, эпосто кыргыздын ички ынтымагынын кетиши менен мүнөздөлөт. Бул ички ынтымаксыздык кырк жигиттин кетип калышы, атасы Тейитбектин баласы Курманбекке болор-болбоско таарынып, атын бербей коюшу менен далилденет.

Эпос чыккынчылыкты, ач көздүктү, өзүмчүлдүктү жектеп, баатырдыкты, достукту, эл жерди сүйүүнү даңазалайт. Курманбек эпосу реалдуу окуянын жана инсандардын негизинде түзүлгөн чыгарма. Окуялардын өткөн орду да реалдуу: Чыгыш Түркстан (Кашкар, Жаркент, Кара Шаар — Камбыл), Ооганстан, Орто Азия аймагы (Анжиян, Кокон, Аксы, Алай, Жазы, Яссы) ж. б.

Өткөн заманда Анжыян тарапта кыргыз-кыпчак элинин Тейитбек деген ханы болгон. Тейитбектин аялы Зулайка кырк сегиз жашында Курманбекти төрөйт. Курманбек бала кезинен балбан чыгып, он эки жашка келгенде, кыргыз-кыпчак элинен кырк жигит курап,

«...эресеге мен жеттим,
жалындуу эрдин белгиси,
жалтанбай тосот жоо бетин,
касташкан душман көп экен,
калкалайлык эл четин"

- деп, кыргыз, кыпчактардын калмактардан өчүн, кеткен кегин аламын деп, жоого аттанат. Калмактарды чаап, Экез баатырды өлтүрүп, Дөлөн ханды багынтып, алык-салыгын алып кайтат. Жолдон Кашкардын ханы Аккан менен достошот. Эли-жерине келсе, атасы Тейитбек Курманбекке таарынып, менден жооп албай кетет деп отурган болот. Бирок, мол дүйнөнү көрүп, таарынычы жазылат. Күндөр өтүп Тейитбек вазири Зайырбектен Курманбек «кыргыз, кыпчак элинен кыз тандап үйлөнсүн» дейт.

Буга Курманбек каршы болуп, «Оогандын ханы Бакбурхан, Бакбурхандын анты бар: Мени сайып ким жыкса, күмүштөн аппак Канышайды берем» деген деп, Бакбурханды сайып, Канышайга үйлөнүп, өзүнчө ордо көтөрүп, туруп калат.

Курманбек жыл сайын калмактан алым алып турчу эле. Убакыт өтүп, кырк жигитин атасынан «теке жоомарт Телтору атты» сурап келгиле деп, жиберет. Атасы: «Мага кеңешпестен калмакка чабуул салат, менин айтканыма болбой өзү билип катын алат, өз керегим тийбестен Телтору атымдын кереги тийиптирби?» деп, бербейт.

Курманбек жигиттери менен кароол дөбөгө чыгып, шаарына дүрбү салса, жоо камап калган болот. Курманбек алты жашар уулу Сейитбек, колуктусу Канышай менен коштошуп, атасы Телтору атты бербей койгонго капа болуп, кырк жигитине кайрылып «ат алмаштырып берип, тургула» деп, жоого каршы чыгат. Калмактарды кууп, астындагы Койкүрөң жаштык кылып баспай калат. Кырк жигити жардамга келбей, коркуп качып кеткен болот. Ошондо Дөлөн хан Курманбекти сайып кетет.

Курманбек көкүрөккө найза жеп, жарадар болуп, талаада калат. Кашкардын ханы Аккан досу Курманбектин уулун көрөм деп, келе жаткан болот. Эки дос талаадан жолугушуп, Курманбек каза табат. Аккан Курманбекти ак кепиндеп жуудуруп, жерге коюп, Курманбектин шаарын карай жол тартат. Баатырдын кайтыш болгонун Канышайга угузат. Канышай арман күйүттөн өзүн өлтүрөт.

Аккан Тейитбек как башты Телтору атка сүйрөттүрүп өлтүрөт да, Курманбектин уулу Сейитбекти алып «өткөн кекти» аларбыз деп, жерине кайтат.

Курманбектин атасына каргышы Ат бербеген капыр чал,
Алты ай кесик оорусун,
Аргымагың тору атты,
Кулдарың минип жоорутсун.
Мага бербеген Телтору ат,
Кара ашыңа союлсун.
Мага бербеген олпогуң,
Дооронуңа коюлсун.
Көрүстөнүң төбөсү,
Эки күн калбай оюлсун...
Мага бербеген тулпарың,
Көр байгеңе чабылсын.
Мага бербеген олпогуң,
Сөөгүңө жабылсын.
Мага арнаган каргышың,
Өз башыңа табылсын.
Аяган Телтору атыңды,
Кулдарың минип жарасын.
Эшигинен жем таппай,
Элдин көзүн карасын.

Курманбек
Жыйырмада жаш бала,
Жин ургандай жаш бала,
Кыз жактырып алсам деп,
Кыйла жерге барсам деп,
Кыргыздын кызы жакпады,
Периден тандап алсам деп,
Кырк жигит менен жарышып,
Кыздуу жерге барышып,
Кыялына кыз жакпай,
Эми кайда барсам деп.
Кимдин кызын алсам деп,
Рабак көздөй барам деп,
Каухарники шаардан,
Перинин кызы Канышай,
Ак куу кийим кийиптир.
Асман менен жүрүптүр,
Төрт тарапты чалыптыр,
Төрө бала Курманбек,
Төрт жүз киши ичинде,
Кийик уулап жүргөндө,
Учуп келип калыптыр.
Көргөндө көңүлү толуптур,
Көп ыраазы болуптур,
Сыртынан көрүп туюптур,
Сыртынан ашык болуптур.
Ошону менен жүрсөм деп:
Учмакта доорон сүрсөм деп,
Адамзаттын баласы,
Асыл экен чамасы,
Ашык болуп бир далай,
Куштай учуп буралып,
Курманбекке кубанып,
Калкылдап учуп калды эми,
Укмуштуу келген куш экен,
Ургаачы мүнөз кыз экен,
Кандай жерге конот – деп
Кандай жандар болот деп,
Кууну ээрчип кубанып,
Бир жерге барып конуптур.
Атайын деп ойлонуп,
Аңдып чукул барыптыр.
Учуп жүрсө куш экен,
Атайын деп андыса,
Сууга түшүп атыптыр.
Ай чырайлуу кыз экен,
Жалгыз барды ал учуп,
Жанында бир да киши жок.
Кызды көрүп кызыгып,
Көйнөгүн чечип салыптыр,
Киши менен иши жок,
Сууга түшүп калыптыр.
Кара чачын таранып,
Жан-жагына каранып,
Чолпондой көзү чачырап,
Каухардай көзү жалтырап,
Акырындап барды эми,
Эр Курманбек баатырың,
Ак куу кебин алды эми.
Аңдабай калды Канышай,
Көйнөгүн алып чакырды,
Көрүнөө жерден бакырды.
Качарына амал жок,
Кайнап ичи болду чок.
Көйнөгүмдү бергин деп,
Көрүнөө бери келгин деп,
Түгөнгүр сени билгемин,
Түшүмдө көрүп келгеним.
Мен жетемин баркыңа,
Издеп келдим калкыңа.
Төрт жүз киши ичинен,
Төрөм сени тааныдым.
Бир сүйлөшүп кетсем деп,
Кудуретке жалындым.
Тилегим кудай жеткирди.
Көйнөгүм бербей Курманбек,
Күйүткө мени саласың,
Асты сенден кайтпаймын,
Каухарниким шаардан.
Көрүнөө келген сен болсоң,
Көйнөгүм бер кетейин,
Көрүнөө сага тийеин.
Айтып турат сабылып,
Алтымыш мерте жалынып,
Кан Курманбек падыша
Көйнөгүн алып жүгүрүп,
Колунан кармап сүйүнүп,
Перинин кызы Канышай,
Жыпар жыты буркурап,
Жанына чукул келгенде,
Ыйлап ийди чыркырап.
Мойнунан кармап буралып,
Ошо жерде агарып,
Алкымы аппак кылайып,
Аста сүйлөп муңайып,
Ак куудай болуп түрлөнүп,
Астан кийин сүйлөнүп,
Тоту куштай түрлөнүп,
Токтой калып сүйлөнүп,
Курманбекти көргөндө,
Канышай көрүп сүйүнүп.
Жигиттин баары чапкылап,
Көргөндүн баары таңкалып,
Баары бирдей чуулдап,
Алты жүз киши дуулдап,
А, кудай деп жалынып.
Адамдын баары сүйүнүп,
Жан-жабыла жүгүрүп,
Кайдан таап алдың деп,
Кызга жорго мингизип,
Алты жүз киши дуулдап,
Адамдын баары чуулдап,
Катар тартып жарданып,
Караган пенде таң калып,
Молотя шаардан,
Калктын баары чогулуп,
Элди жыйып той кылып,
Эпсиз кылды чоң кылып,
Конокко элин алдырып,
Кой семизин сойдуруп,
Отуз эки тамактын,
Баарын таман койдуруп,
Кысыр эмди кой союп,
Токсон келин, токсон кыз,
Тегеректеп олтуруп;
Токмок салды, топ ойноп,
Он беш күнгө кеп ойноп,
Өлөң айтып чуулдап,
Токту кой сойдуруп,
Бир күнгө келген конокко,
Тогуз жүз тай сойдуруп,
Токсон молдо чакыртып,
Нике кылып алды эми.
Жандын баары ынанып,
Жалпы баары кубанып,
Алтын үйгө киргизип,
Асылдыгын билгизип,
Жанында кырк кыз нөөкөрү,
Жанында арак-көөкөрү,
Арак шербет ичишип,
Адамдын баары мас болуп,
Жандаганы кыз болуп,
Душмандын асбиласы бас болуп,
Мадалкан падыша атасы,
Атасы келип кубанып,
Алма журту ынанып,
Кызыл кымкап кийинип,
Кыргыздын баары сүйүнүп.
Дөөлөр келди таң калып,
Маңдай тиши күрөктөй,
Канышай менен Курманбек,
Семетей менен Чүрөктөй.
Алтындан кылган айчык үй,
Жакуттан кылган жарык үй,
Кырк жигити жарданып,
Өлөң айтып дуулдап,
Канышайды урматтап,
Баары барды чуулдап.
Оюн, күлкү бүттү эми,
Отуз күнчө өттү эми.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 22968, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-11-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо