Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Курманбек эпосундагы каармандардын образдары

Курманбектин образы. Эпостун башкы каарманы Курманбек. Ал достукту сүйгөн, душманын жек көргөн, өз элин душмандан куткарып, беделин көтөрүүгө бел байлаган кайраттуу баатыр. Ал душманды жалаң кайраттын, туруктуулуктун, адилеттүүлүктүн күчү менен жеңет. Жалгыздыктан, согушка жарактуу тулпар аты жоктугунан жана жолдошторунун жардамы тийбегендиктен жеңилет. Курманбек турмушка жакын, чыныгы реалисттик каарман. Курманбектин үйлөнүшү (женитьба), анын атасына кылган мамилеси, душман менен жарашуусу адилеттүүлүктүн чегинен чыкпайт. "Жалындуу эрдин белгиси Жалтанбай тосот жоо бетин", деген саптардан анын чыныгы эр, баатыр, эл коргоочу экени байкалат. Ошондой эле ага адамгерчиликтүүлүк, чечкиндүүлүк чынчылдык, сабырдуулук деген жакшы сапаттар таандык. Канышайдын образы. Курманбектин заманындагы адилет, дээрлүү, сезимдүү, тийген жарына чын жүрөгү менен берилген аял. Ал Курманбектин демине дем, күчүнө күч кошкон акылман, кайраттуу жубай. Акырында баатырдын өлгөнүн угуп өзүн-өзү өлтүрөт. Аккандын образы. Адамгерчиликти баалай алган, достукту, бирдикти сүйгөн, өз элинин камын ойлоп, душманды жек көргөн каарман. Аккан Кашкардын каны болсо да, анда кандык каары, өкүмү жок. Курманбек өлгөндөн кийин да анын өчүн алып, баласы Сейитбекти тарбиялайт. Бул чыныгы достуктун үлгүсү. Тейитбектин образы. Ал керт башынын кызыкчылыгын ойлогон, өзүмчүл, сараң, арсыз, акылы тайыз, пас, дүйнөкор киши. Ал элдин эркиндигинен да, жалгыз баласынын өмүрүнөн да, өз керт башынын жыргалын артык көрөт. Анда патриоттук сезим, аталык мээрим жок. Курманбектин кайгылуу өлүпгүнө кейибей, кайра моокуму канып, ага таба кылат. Ал элди чаап, бүлүнтүп турган калмактарды кектебей, өз сүйгөнүнө үйлөнгөнү үчүн, Телтору атын сураганы үчүн, өз баласы Курманбекти кектейт. Тейитбектин бул пастык сапаттары Курманбектин өлгөнүн уккандагы анын: "Телтору атымдын жаны тынган экен, теңирим жакшы кылган экен. Курманбек кулаган экен, душманым сулаган экен, тилегим кабыл келген экен!" деген өңдүү заардуу сөзүнөн көрүнөт. Тейитбек чыккынчы. Эпос чыккынчыга ит өлүмү ылайык деген пикирди айтат. Бул кылык Ата Мекенге чыккынчылык кылуунун эң жогорку белгиси нокоту болот. Ошон үчүн Аккан аны аттын куйругуна байлап, сүйрөтүп өлтүрдү. Терс каармандар Экез, Дөлөн. Булар коркок, туруксуз, адилетсиз. Дөлөн көп аскерлери менен жалгыз Курманбектен коркот. Дөлөн Курманбекти чыныгы күч, эрдик менен жеңбей, аны атсыз, жөө калганда сайып өлтүрөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)