Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Курманалиев Руслан Сейитбекович

Курманалиев, Руслан Сейитбекович – театр жана кино артисти, тамада.

Бала кезинен эле музыкага, оюн-зоокко дилгир Руслан 1887-жылы 8-классты аяктагандан кийин, дароо эле Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын альт-комуз боюнча бөлүмүнө тапшырып, 1990-жылы бүтүрөт.
Музыкалык окуу жайын аяктаар замат эле ал Советтик Армияга кызмат өтөөөгө жөнөйт (1990-1992).
Русландын артист катары алгачкы эмгек жолу 1992-жылы Ж. Кулмамбетов уюштурган жана жетектеген "Жайсаң" театрында башталып, чыгармачылык тушоосу, азыркы кыргыз театрынын таланттуу артисттери Айсалкын Кыйыкбаева, Назым Мендебаиров ж. б. менен бирдикте ушул коллективде кыйылат. Бул театрда ал, курбалдаштары менен бир жарым жылдан ашык артист болуп иштейт. (1992-1994).
Ошол эле учурда ал 1993–жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы театр окуу жайында окуй баштайт да, аны 1996-жылы бүтүрүп чыгат.
Бирок 1995- жылы эле Асылбек Өзүбеков анын жөндөмүн жактырып "Туңгуч" театрына иштөөгө чакырат.
"Туңгучта" Руслан беш жыл - 2000-жылга чейин артист болуп иштеп, бүтүн Кыргызстанды түрө кыдырат.
2000-жылдан тартып Руслан Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы театрдын (ТЮЗ) артисти.
Билимин өркүндөткөн Руслан 2010-жылы Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун кызыл диплом менен аяктаган.

Русландын артисттик шыгы айрыкча ТЮЗга киргенден баштап көрүндү.
Ушул коллективде ал бир нечелеген сахналык образдарды көрүүчүлөрдүн купулуна толо турган деңгээлде жаратты.
Айрыкча Русландын Ташмат Эшматову ("Чыңгыз менен Бүбүсайра"), Шамшысы ("Мүрөктүн суусу"), Эркини ("Аксыдагы атуу же Боспиектеги каран түн"), Линь Босу ("Ипархан-Сянь-Фэй") анын кылдат психологиялык да, күчтүү драмалык да, ал түгүл комедиялык да чебер артист экенин айгинеледи.
Бүгүн Руслан Курманалиев улуттук театр өнөрүндө өз чыгармачылык жүзү бар инсан.
Театрда эмгектенүү менен бир катар эле ал 2005-жылдан тартып кыргыз кинолоруна да активдүү тартылып, көрүүчүлөрдүн калың катмарына тааныла баштады.

Болот Бейшеналиев атындагы республикалык сыйлыктын ээси .



Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)