Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курман айт

Баш барак | Жомок уламыштар | Курман айт

"Курман айт" орозо айтынан 70 күн өткөндө болот. Молдолордун айтканына караганда: "Илгери-илгери Ибрахим деген пайгамбар болгон имиш. Аны кудай жакшы көрөт имиш.

Бир күнү периштелер кудайга: Сиз эмне бул Ибрахим пайгамбарды мынчалык артыкбаш жакшы көрөсүз?" - дешип сураптыр, анда кудай: "Ал менден эч нерсесин аябайт, ошондуктан жакшы көрөм" - дептир. Анда периштелер "Эмесе, баласы Исмаилди сиз үчүн курман кылып көрсүнчү" - дешиптир.



Кудай Жебрейилди жиберип, "Баласын мен үчүн курман кылсын" деп сураптыр. Ибрахим пайгамбар баласы Исмаилге алла тааланын буйругун айтат, ал сөз айтпастан макул болот. Атасы чоң бычакты алып, баласынын колу-бутун бууп, Кудайым сенин жолуңа деп чалып жиберет. Бирок кудайдын буйругу боюнча Жебрейил бычакты Исмаилдин тамагына өткөрбөй кармап турат. Ошондо периштелер ыраазы болушат. Ибрахим пайгамбар ачууланып бычакты жанындагы ташка чабат, ал ташты жөн эле балтыркандай таарып түшөт. Мына ошондо асмандан чыгырык мүйүз көк кочкор түшүп келет. Ибрахим пайгамбар аны курман чалат. Мына ошондон тартып Курман айт келип чыгат.



"Кыямат кайым болгондо,- деп айтышат молдолор,- курман чалган мусулмандар аны минип, кыл көпүрөөдөн чагылгандай өтүп кетишет, ошондуктан аксак-тексек эмес, семиз, соо малды курман кылыш керек". "Курман айт" намазы, айтка даярдык, аны өткөрүү тартиби орозо айтынын дал өзүндөй болот. Мунун айырмасы ар бир түтүн курман чалууга милдеттүү. Жети киши биригип бир төө, үч киши биригишип бир уй, же бир киши бир кой курман чала алышат.



Албетте, эми азыркы заманда жыл сайын "Курман айт" майрамында ар бир адам бирден кой курмандык чалууга мүмкүндүгү жок болсо керек, мүмкүндүгү болсо дагы бул экономика жагынан логикага сыйбаган нерсе болуп калат, алсак Кыргызстандын 6 миллион калкы жыл сайын 6 млн кой союп отурса не болот? курмандык чалмак түгүл курсагы тойбой жүргөндөр да толтура.

Жайгаштыруу: 2017-08-16, Көрүүлөр: 1675, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-16
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу