Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кургак учук

Кургак учук — түрдүү органдарда, көбүнчө өпкөдө өзгөчө сезгенүү пайда кылуучу жугуштуу оору. Кургак учуктун козгогучтарын — микробактерияларын 1882-ж. немец окумуштуусу Р. Кох ачкан. Кургак учук адамдын жашоо шартына байланыштуу болору жана өлүмгө учуратуучу дарт экендиги байыртан эле белгилүү болгон. Жер шарында өтө көп таралган оорулардын бири болуп, млндогон кишини өлүмгө учураткан. Коммунисттик партия менен Совет өкмөтү эмгекчилердин ден соолугун коргоого зор көңүл буруп, 1920-ж. эле биздин өлкөдө кургак учукка каршы диспансерлер уюштурулуп, алар кургак учук менен күрөшүүдө эң негизги ролду ойногон. Ага каршы күрөшүү биздин өлкөдө жалпы мамлекеттик иш болуп эсептелет.

Кургак учукту кескин төмөндөтүү, андан соң аны биротоло жоготуу проблемасы биздин өлкөдө бирден бир мамлекеттик маанилүү маселе болгон. Кургак учук менен жаныбарлар (уй, тоок, күрп жана башкалар) да ооруйт. Алар кишилерге. ооруну жугузат (мисалы, оорулуу уйдун сүтүн ичкенде, тооктун жумурткасын жегенде, саанчылар, мал баккандар жана башкалар). Ал көбүнчө какырык менен кургак учуктун микобактериясын бөлүп чыгарган оорулуу кишиден жугат. Микобактерия караңгы, кир, нымдуу тамда бир нече ай, оорулуунун кийим-кечесинде, үй эмеректеринде 3—4 ай, кургаган какырыкта 30 күнчө, сууда, сүттө, майда 1 жылга чейин сакталат. Төмөнкү температурага, жегичтерге жана кислоталарга туруктуу, ошондуктан жугушсуздандырууда өзгөчө чара көрүүнү талап кылат.

Алар жогорку температураны көтөрө албайт, тике тийген күн нурунан бир нече минутада эле өлөт. Кургак учук козгогучтарынын бир нече түрү (кишиники, бодо малдыкы жана канаттуулардыкы жана башкалар) белгилүү. Адамдар адатта кишинин кургак учугу менен ооруйт, бирок кээде бодо малдын кургак учугу менен да жабыркашы мүмкүн. Ал эми канаттуулардыкы менен адамдар өтө эле сейрек ооруйт. Ооруну негизинен микробдуу какырык бөлүп чыгарган адамдар менен мал таратат. Өзгөчө кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам өтө коркунучтуу. Кургак учуктун таякчасы ар кандай жол менен жугушу ыктымал. Оору көбүнчө оорулуунун какырыгы, түкүрүгүнүн чачырандысы менен булганган аба менен дем алганда, ошондой эле оорулуу пайдаланган буюмдар (сүлгү, тиш щётка, жүз аарчы, кийим-кечеси жана башкалар) аркылуу жугат.

Эмчектеги балага оорулуу энесинен (ал баланы өөп, өзү менен чогуу төшөккө алып жатып, бет аарчы же сүлгүсү менен баланын мурдун, шилекейин аарчыганда) жугат. Ошондуктан оорулуу атайын түкүргүч пайдаланып, өзүнчө идиш, сүлгү, тиш щётка, төшөнчү, шейшеп жана башкалар колдонуусу зарыл. Сүйлөшүп жатканда оорулуу соо адамдан алысыраак туруп, ал эми жөтөлүп же чүчкүргөндө оозу-мурдун бет аарчысы менен жаба коюшу керек. Улгайып калган оорулуу адамдар көп учурда дартты жугузуунун булагы болуп калышы мүмкүн. Анткени улгайгандарда кургак учук анча байкалбайт. Кургак учук таякчасынын организмге кириши ооруга негизги себеп болгону менен ага ыңгайлуу шарт болбосо киши оорубайт.

Ага көбүнчө башка оорудан организмдин начарлашы, жетишсиз тамактануу (белогу, витамини аз), гигиеналык шарттын начардыгы, оорулуу менен көпкө бирге болуу, оорунун кайталап жугушу түрткү болот. Кургак учук иммунитети али начар өнүккөн жаш балдарда, жыныстык жетилүү мезгилиндеги өспүрүмдөрдө жана ооруга каршылык көрсөтүүсү төмөн улгайган адамдарда көбүрөөк кезигет. Кургак учук көбүнчө өпкөнү жабыркатат. Ошондой эле лимфа жана кан тамырлар аркылуу муундарга, сөөктөргө, мээ кабыгына, бөйрөккө жана башкалар таркашы ыктымал. Өпкө кургак учугунда (кургак учук) өпкөнүн микобактерия түшкөн ткандарында сезгенүү очогу пайда болуп, некрозго айланат. Андан кийин ал катуу кабык менен капталат да акырындап кальций туздары топтолот. Балдарда бул байкалбайт, рентген жасаганда гана билинет.

Эгер организм начарлап кетсе процесс таралып кетиши ыктымал. Мында баланын эти ысып, жалпы абалы начарлап, жөтөлө баштайт. Чоң кишилерде да адегенде байкалбайт, бирок адамдын алы кетет, арыктайт, түнкүсүн тердейт. Андан кийин денеси ысып (37,2—37,4°), көп учурда чыйрыгат (анча катуу эмес), дайыма жөтөлөт, тамакка табити тартпайт, дем алганда капталы сайгылашып ооруйт, кан түкүрөт. Мына ушул белгилердин бирөө эле байкалар замат токтоосуз врачка кайрылуу зарыл. Тилекке каршы көпчүлүк адамдар ден соолугу начарлар замат, врачка кайрылышпайт. Улгайып калган адамдар көп учурда какырык аралаш жөтөлдү карып калгандыкы деп эсептешет да, ооруканага кайрылышпайт.

Өпкөнүн кургак учугунун алгачкы башталышы көп учурда суук тийген ооруларга окшоп кетет. Ошондуктан кургак учук грипп, өпкөнүн сезгениши, бронхит сыяктуу дарттарга окшош болот. Оору кээде күчөп кармаганда дененин температурасы 38—39°ка жетип, какырык аралаш жөтөлүп, түнкүсүн тердейт, көкүрөгү сайгылашып ооруйт. Сөөк жана муундун кургак учугу менен көбүнчө 10 жашка чейинки балдар, ошондой эле чоң кишилер да ооруйт. Өзгөчө омуртка тутуму (Шилтеме: Спондилит), жамбаш, тизе, кызыл ашык муундары, ошондой эле сөөктөр жабыркайт. Алгач башталышында баланын көңүлү ачылбай, чыргоолонот, түнкүсүн начар уктайт, арыктап, бозоруп, тез чарчайт, тамакка табити тартпайт. Кечкисин же түнкүсүн омуртка тутуму, жамбаш ашташы жана тизе ооруйт.

Таңга маал ооруган жер басылат. Кээде бала оорудан түнкүсүн кыйкырып ойгонот. Ал көбүнчө бир капталына (оорубаган) жатат. Оору күчөгөндө муундары шишип, ооруйт, аксай баштайт. Алдын ала дарыланбаса оорулуунун муундары өзгөрүлүп, өспөй калат.

Күчөп кеткенде жабыркаган сөөк ириңдейт, сөөк, жумшак ткань тешилет. Лимфа түйүндөрүнүн кургак учугунда жабыркаган бездер чоңоюп кыймылдатпай ооруйт. Ириң тээп кеткен учурда ал сыртка жарылып, айыккандан кийин тырык болуп калат. Бөйрөк кургак учугунда оорунун белгиси адегенде анча байкалбайт. Кийинчерээк бел ооруп, температура көтөрүлөт; табарсык жабыркаганда ал ооруп, оорулуу улам заара ушаткысы келет. Кургак учуктуу менингитте оорулуунун башы катуу ооруп, кусат, денеси тырышат, эсинен танат. Оорунун мындай түрүндө оорулуу мурда майып болчу, азыр көбүнчө оору айыгуу менен аяктайт. Ооруну рентгендик текшерүүдөн өткөрүп, диагнозун аныктап врач дарылайт.

Дарылоо учурунда оорулуу врачтын көзөмөлүндө болот. Дарылоодон жакшы болбогондорго хирургиялык жол сунуш кылынат. Аны аягына чыга дарылабаса ал дагы кайталанышы мүмкүн. Ошондуктан кургак учукту дарылоо ар дайым диспансер аркылуу көзөмөлдө болуп, мекемелерде, ишканаларда болсо медициналык кызматкерлердин кароосунда турат. Кургак учук дартын табууда ар дайым эле рентгендик изилдөө колдонула бербейт. 12 жашка чейинки балдарды флюорографиялык изилдөөгө болбойт. Ошондуктан 12 жашка чейинки балдарда жана өспүрүмдөрдө кургак учук туберкулин менен изилденет. Биздин өлкөдө кургак учуктун алдын алуу үчүн атайын эмдөө (БЦЖ деп аталган) жүргүзүлөт. Эмдөөдөн пайда болгон иммунитет оорудан толук коргой албайт, бирок организмге кирген микроб менен күрөшүүдө түздөн-түз жардамдашат.

Кургак учуктун алдын алууда химиялык жол да колдонулат. Мында дени таза кишилерге кургак учукка каршы дары-дармектер берилет. Химиялык дары - дармектерди колдонуу балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учуктун алдын алууга көмөк болот. Оорулуу барыдан мурда гигиена эрежесин сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде мүмкүн болушунча таза абада көп болушу зарыл. Анын тамагында жаныбар белогу (эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка) жетиштүү болууга тийиш. Мөмө-жемишти, айрым жашылчаны (помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүм жана башкалар) чийки жеп же ширесин ичүү пайдалуу. Мындан тышкары А, В1, В2, Вб, С витаминдерин, ал эми тери кургак учугунда Д витаминин да алуу керек.

Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоо зарыл. Оорулуу дарыланууну үзгүлтүккө учуратпоого, ичкилик ичпөөгө жана тамеки тартпоого тийиш. Кургак учуктун алдын алуу үчүн барыдан мурда микробдорду таратпоочу чараларды көрүү зарыл. Эгерде оорулуунун жеке бөлмөсү болбосо, өзүнчө керебетке башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн 1,5—2 м алыс жаткырып же көшөгө тартып бөлүп коюу керек. Оорулууга төшөнчү, ич кийим, идиш-аяк бөлүп, аларды өзүнчө жууп-тазалап, бөлөк сактайт.

Бөлмөнү ным (самын-соода ээритмеси кошулган ысык сууга малынган) чүпүрөк менен жууп-тазалап, ич кийим, шейшеп, сүлгү, идиш-аягы 2%түү сода эритмесине кайнатылып жугушсуздандырылат. Дезинфекциялоо үчүн 5%түү хлорамин эритмесин пайдаланса да болот. Оорулуунун бөлмөсүнөн килем жана башкалар ашык буюмдарды чыгарып, жууп тазалаганга оңой эмеректерди гана калтыруу зарыл. Жумшак мебелге тыш кийгизилет. Оорулуу какырыгын 5%түү хлорамин эритмеси куюлган атайы түкүргүчкө түкүрөт. Какырыктуу түкүрүгүчтү атайын идишке салып 15 мин. 2%түү кир жуугуч сода эритмесине кайнатып туруп, канализацияга куюп жиберүү керек. Оорулуу балдардан оолак болуп, аларды өбүү жана көтөрүүгө болбойт. Кургак учук оорулуулардын үй-бүлөсү мезгили менен кургак учукка каршы диспансерде текшерилип турууга тийиш.

Оорунун алдын алуу максатында оорулуунун үй-бүлөсүндөгү балдар менен өспүрүмдөргө кургак учукка каршы дарылар берилет. Ошондой эле балдар мекемелеринин, коомдук тамактануу тармагынын, шаардык транспорт кызматкерлери, чач тарачтар текшерүүдөн өтүп турууга тийиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)