Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Курама кырка тоо

Курама кырка тоосу - Батыш Теңир-Тоодо. Тажик, Өзбек жана Кыргыз Республикаларынын чегарасында жайгашкан. Түштүк-чыгышынан Фергана өрөөнү менен чектешет. Сырдарыя жана Ангрен дарыясынын суу бөлгүчү. Түштүк-батыштан түндүк-чыгышка 120 км созулуп, Чаткал тоосуна барып такалат. Эң жазы жери 25 км. Орточо бийиктиги 2700 м, эң бийик жери 3769 м. Ангрен дарыясына караган түндүк-батыш бети тик жана коктуколоттуу, Фергана өрөөнү тарабы жантайыңкы. Курама кырка тоосунда негизинен палеозойдун метаморфизмделген сланецтери жана карбонат, эффузив тоо тектери жатат.

Көп бөлүгүн аларды жиреп чыккан гранит, гранит-диорит жана аляскит интрузиялары ээлейт. Тоо тек катмарлары ири бүктөлүүлөргө дуушарланып, жалпысынан түндүк-батыш, түндүк-чыгышка багытталган тектон. ири жаракалар менен тилмеленген. Кен байлыктарынан калай, күмүш, жез, коргошун, цинк, флюорит, сейрек кездешүүчү металл кендери бар. 9–10 кылымдан алтын менен күмүш казып алынган. Ландшафтында жарым чөл жана кургак талаа (2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу, сейрек бадалдуу талаа (2000–2500 м), шалбаалуу токой (2500–2800 м), андан жогору субальп жана альп шалбаасы алкактары басымдуу. Жайыт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)