Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Курагы боюнча өнүгүүнү мезгилдерге бөлүштүрүү Д. Б. Эльконин боюнча

Д. Б.Элькониндин теориясы Л. С.Выготскийдин илимий көз караштарына негизделет. Л. С.Выготскийдин ойлорун өркүндөтүп Д. Б.Эльконин психикалык өнүгүүнүн мезгилдүүлүгүн аныктоодо төмөндөгүдөй критерийлерге таянат: - өнүгүүнүн социалдык жагдайы. Мында баланын коомдогу мамилесинин системасын эске алуу. Анын коомдук мамилелешүү системасында ордун таба билүүсү кандай экендигин эске алуу; - ар бир өнүгүү мезгилинде баланын негизги иш-аракети.



Мында жөн гана иш-аракеттин түрүн эске албастан, тиешелүү курактагы иш-аракеттин структурасын карап, эмне үчүн ушул иш-аракет негизги экендигин анализдөө менен далилдөө; - өнүгүүнүн психологиялык жазы түзүлүштөрү. Эз негизгиси жазы жетишкендиктердин социалдык жагдайда өсүп-өнүгүүсү. Негизги иш-аракетти аткарууда пайда болгон баланын мүмкүнчүлүгү; - баланын өнүгүүсүндөгү бурулуш точкалары, б. а. кризистер. Кризис бир курактык мезгил менен экинчисин бөлүп туруучу учур.



Психологиялык-педагогикалык илимдин өсүшү жаш боюнча мезгилге бөлүштүрүүнүн изилдөөнү терездетет. Көрүнүктүү психолог Д. Б.Эльконин мезгилдерге бөлүштүрүүнү иштеп чыгып, төмөндөгүдөй аныктайт.1. Ымыркай же жазы төрөлгөн бала – төрөлгөндөн эки айдын аягына чейинки мезгил.2. Бир жашка чейинки бөбөк – үч айдан бир жашка чейин, негизги иш-аракет, эмоционалдык карым-катнаш. Анын негизинде жөнөкөй керектөөнүн каражаттарды иш жүзүнө ашыруу аракеттери жана кармап көрүү аракети кандайдыр бир дезгээлде көрүү, угуу, булчуз кыймылы ж. б. туюу, кабыл алуу менен бирге жөнгө салынат. Бул куракта маанилүү жазы түзүлүш, башка адамдар менен карым-катнаш түзүүгө керектөөнүн калыптанышы жана аларда белгилүү эмоционалдык мамиле пайда болот. Мунун негизинде – башка адамдар менен карым-катнашка болгон субъектинин керектөөсү, анын адамдардан алганын баамдоого болгон керектөө деп белгилеген Д. Б.Эльконин.3.Эрте жаштагы курак бир жаштан үч жашка чейин.



Негизги иш-аракет заттарды аспап катары пайдалануу. Бала буюмдар менен аракеттенүүнүн негизинде анын коом тарабынан иштелип чыккан жолун өздөштүрүп, ага ээ болуусу. Сүйлөөнүн, ойдун көрсөтмөлүүлүгүнүн өнүгүүсү булл курактагы жазы түзүлүш болуп саналат.4.Мектеп жашына чейинки курак 3-7 жаш. Негизги иш-аракет – оюн иш-аракети, анда бала адамдын иш-аракетинин фундаменталдуу маанисин өздөштүрөт. Бул куракта коомдук маанилүү, коомдук баалуу иш-аракетке умтулууда жазы түзүлүш (новообразование) калыптанып, баланын мектептеги окууга даяр болушун мүнөздөйт.5.Жеткинчек же кенже мектеп курагы 7-11 жаш. Окуу – негизги иш-аракет.



Окуу процессинде сырткы дүйнө жана заттар жөнүндө билим өздөштүрүп, эс ж. б. психикалык процесстер калыптанат. Бул куракта психикалык абал, аракеттердин ички планы өзгөрүп түзүлөт.6.өспүрүм курак 11-15. Негизги иш-аракет пайдалуу коомдук иштеги карым-катнаш (окуу, эмгек, коомдук уюштуруучу иш ж. б.). өспүрүм ар кандай кырдаалда карым-катнаштын ыгын өздөштүрөт. Ал өзүн баалоого умтулат, башкаларга сын пикирди чагылдырат, чоз кишидей көрүнүүгө умтулат, балдар коллективине баш ийет. Мындай өзгөчөлүктөрдүн калыптанышы жазы түзүлүш болуп саналат.7.Алгачкы жетилүү курагы же жогорку мектеп жашындагы курак 15-17. Бул куракта кесипке кызыгуу, кыялдануу ж. б. сапаттар калыптанат. Негизги иш-аракет окуунун кесипке багытталышы.



Жаш боюнча мезгилге бөлүштүрүү механизми Д. Б.Эльконин көрсөткөндөй мамилелердин өнүгүү дезгээлинин өзгөрүүсү айлана-чөйрө жана билимдин өнүгүү дезгээли, аракеттердин ыгы менен шайкеш келет. Жаш курагы боюнча бир мезгилден экинчи мезгилге өтүү өнүгүүнүн диалектикалык принцибинин негизинде иш жүзүнө ашат. Эволюциялык өнүгүүнүн процессинде түзүлгөн карама-каршылыктар жазы жаш мезгилин пайда кылат да, улам кийинки жаш мезгил өнүгүүнүн жогорку дезгээлин болжолдойт. Жазы керектөө менен мурунку мүмкүнчүлүктү канаттандырууда карама-каршылык пайда болот.



Баланын мүмкүнчүлүгү артып – анын билимин, психикалык сапаттарын мурунку жашоо шарты канааттандырбайт, баланын мурунку иш-аракетке кызыгуусу төмөндөйт, ал эми жазы билимдер толук түзүлбөгөндүктөн тарбия ишинде кыйынчылыктар пайда болот. Бул мезгилде бала тарбиячынын талабына терс мамилесин чагылдырат. Психиканын өнүгүүсүндө келип чыккан карама-каршылыктар жана жазы керектөөлөрдү, кызыгууну, жазы иш-аракетке ээ болууну пайда кылып, психиканын өнүгүүсүнүн кыймылдаткыч күчү болот. Эгерде бул карама-каршылыктар пайда болбосо, баланын психикасынын өнүгүүсү бир этаптан экинчи этапка өтпөстөн өнүгүүнүн жеткен дезгээлинде калып, чоз адамдардын үйрөткөнүн өздөштүрүүгө өбөлгө түзүлмөк эмес.



Д. Б.Эльконин ар бир психологиялык куракты өз ара татаал мамиледеги көрсөткүчтөр менен мүнөздөйт:-Өнүгүүдөгү социалдык ситуация;-Негизги иш-аракет;-Негизги жазы түзүлүштөр;Д. Б.Эльконин ар бир иш-аракеттин жүрүшүндө курактык психологиялык жазы түзүлүш пайда болуп өнүгөт деп белгилеген. Бир иш-аракеттен экинчи иш-аракетке өтүүдө кризис пайда болот. Мазмунуна байланыштуу кризистер бөлүнүп каралат. 3-11 жашар балада мамилелешүү кризиси, ал эми 1-7 жашар балада таанып-билүүдөгү кризис (кризис мировоззрения) пайда болот.



Мамилелердин системасынын негизинде Д. Б.Эльконин бардык иш-аракеттин түрлөрүн эки типке бөлгөн, негизги иш-аракетке байланыштуу: «бала-коомдук предмет (буюм, зат)» жана «бала-коомдук чоз киши». Белгиленген типологиянын негизинде курактын эки түрү бөлүнүп каралат. Биринчи тип «бала – коомдук чоз киши» баланын керектөөсүнүн мотивдүүлүгү өнүгөт. Бул бөбөк, мектеп жашына чейинки курак, өспүрүм. Экинчи курактык тип «бала-коомдук предмет».



Бул типке эрте жаш курак, кенже мектеп окуучусу, алгач бой жеткен мезгил кирет. Д. Б.Эльконин иштеп чыккан мезгилдүүлүк мыйзамында баланын психикасынын өнүгүүсүндө негизги өзгөчөлүктөр, айрыкча негизги иш-аракеттердин өтүү мыйзам ченемдүүлүгү, ар кандай жаш куракта негизги жазы түзүлүштөрдүн пайда болушу илимий жактан ачылган. Психология илиминде Д. Б.Элькониндин психикалык өнүгүүнү курактар боюнча мезгилдерге бөлүштүрүүсү эз кезири тараган классификация болуп эсептелет. Психикалык өнүгүүнү мезгилдерге бөлүштүрүүнүн негизинде өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн талдоонун негизинде жыйынтыктоо зарыл.

Жайгаштыруу: 2017-06-05, Көрүүлөр: 4214, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо