Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кур бака

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кур бака

Кур баканы көп адамдар жакшы көрүшпөйт. Ал зыяндуу, андан колго сөөл чыгат дешет. Булардын баары туура эмес. Чындыгында кур баканын терисиндеги майда быдырлар агыш суюктукту бөлүп чыгарат. Бирок андан эч кандай сөөл пайда болбойт. Тек гана ал суюктук жагымсыз жыттанып, анын душмандарын чочутат. Антпегенде, анын коргоно турган курч тиши же качып кутулууга күлүк буту болбосо кантет. Ал эртеден кечке чейин нымдуу көлөкөдө жатып, күүгүм кире анчылыгын баштайт. Ошентип бир эле түндө канча зыянкечтерди - эжеке бээ саа куртун, жер желим үлүлдөрдү, чымынды жана ар кандай курт-кумурскаларды жок кылат, аларга тим эле эсеп жетпейт! Мына ошондуктан кур бака - биздин анык досубуз.

Чынында, анын түрү суук, бирок досту чырайына карап жакшы көрбөйт да. Туурабы, достор?

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 863, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо