Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кунас

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кунас

Балким, силер кунас жөнүндө жомоктон да, ырдан да уккандырсыңар. Кунас айыл ичиндеги үйдүн чатырына чырпыктан чоң, кенен уя салып, кыштак четинде чабындыларда өтө ишенимдүү бейкапар жүрө берет. Көзгө таанымал чоң ак кунас адам менен качан достошконун эч ким билбейт. Бирок адам кунас менен болгон достугун өтө кастарлайт. Үйдүн чатырына алардын уя салышын күтүп, тынч жашоосун коргоит. Ал тургай кунастар уя салган үйдүн ээсине бак конот деп да айтышат. Эгерде кунастар силердин үйдүн чатырына уя салса, ага жыл сайын жазында келип турушат.

Жыл сайын ал уядан үч же беш балапан чыгарат. Балапандар адамдардан чочулабайт. Ата-энелери ага кезеги менен жем - бака, чычкан, кескелдирик жана башка ар түрдүү жандыктарды ташып келип турушат. Балапандар күзгө чейин канаттары жетилип чоңоюшат да, түштүккө учуп кетишет. Кунастар - сайрабайт. Алар узун тумшуктарын шакылдатып бири-бири менен сүйлөшөт.

Ак кунастын жакын бир түрү - кара кунас, алар чытырман токойдо уялап, эмнегедир адамдардан алыс жашашат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 572, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу