Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кумурскачы жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кумурскачы жонундо маалымат

"Кумурскачы жонундо маалымат" - бул сырт кебетеси өзгөчө бир кызык сүт эмүүчү жаныбардын эң негизги куралы - узун, ичке жана жабышкак тили. Кумурскачы аны менен өз жемин - кумурскаларды, термиттерди терип жейт. Дүйнөдө кумурскачылардын үч гана түрү бар, алардын баары Түштүк Америкада жашайт. Бадалдуу саваннада узундугу бир метрден ашкан, салмагы 35кгга жеткен чоң кумурскачы жашайт. Анын тумшугу түтүк сыяктанып узун, көзү, кулагы кичине, бирок куйругу чоң, тим эле барпаят. Бутунун манжаларында бекем, курч тырмактары иймейип турат. Ал күчтүү буттары менен чапчып кумурсканын, термиттин уюгун бузуп, өзүнүн жабышкак узун (жарым метрден ашат) тили менен аларды терип жейт. Кумурскачы бир минутада тилин алга-артка 160 жолу соймоңдото алат! Анын тиши жок. Жеген азыгын карыны менен чайнайт.

"Кумурскачы жонундо маалымат" - карынында кырдуу мүйүз катмарлары бар, мындан башка анда дайыма кум, шагыл болот. Карын кыймылга келгенде аларга аралашып азык майдаланат. Чоң кумурскачынын ургаачысы баласын туугандан кийин бир ай жонуна көтөрүп жүрөт. Баласы курч тырмактары менен энесинин жүнүнө бекем жабышып алат. Тамандуа деген башка бир кумурскачы кичирээк, узундугу жарым метрге чейин келип, салмагы болгону 3-5 кг. Чоң кумурскачыга караганда анын тумшугу кыскараак, бирок кулагы чоң. Тамандуа жерде да жүрө алат, бирок дарактын башында жармашып жүрүүнү артыгыраак көрөт.

Анын өтө ийилчээк куйругу бутактарга оролуп, кулабай жүрүүгө жардам берет. Чытырман токойдо дарактардын башынан кээде кидик кумурскачыны да көрүүгө болот. Бул кичинекей жаныбардын узундугу 20смдей, салмагы 500граммча болот. Ал жерге түшпөйт, түнү бою тырмактары, узун куйругу менен бутактарга асылып, дарактын башында жүрөт. Күндүз дарактын көңдөйүнө кирип түйүнчөктөй түйүлүп жатат да уктай берет.

Кумурскачылардын өтө даамдуу этине кызыккан адамдар аларды кырып жиберишкен. Азыр аз санда калган кумурскачылар коргоого алынган. "Кумурскачы жонундо маалымат" ушундай, ал эми "Кумурска жонундо маалымат" өзүнчө баракта.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 683, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу