Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кумул

Кумул — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери. Көкөтөйдүн ашындагы ат чабыштын байгесине зордук кылмакка ниеттенген Коңурбай бир топ баатырларына, анын ичинде К-га «Ашын бузуп чыр кылып, Атын жыгып сын кылып», чыр баштамак болуп кайрылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 260).

2. Кумул — топоним. Эпостун көпчүлүк варианттарында жер аты катары колдонулат. «Кумулдан чыккан жол барбы, Курчап келип бу жерде, Кууратып жаткан кул барбы» (Сагымбай Орозбаков, 1. 222), «Кумулду барып чапканда, Астында жүргөн мен элем» (Молдобасан Мусулманкуловдун варианты, Кол жазмалар фондусу, 1061-инв., 1562-б.) деген саптар бар. Географиялык реалияда Синьцзияндагы Кумул (кытайча Хами) шаары менен тике байланышат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)