Кумамото шаары Япония

Кумамото шаары, Япония — Япониядагы шаар. Кюсю аралында жайгашкан. Кумамото префектурасынын администрациялык борбору. Сиракава дарыясынынын чатында, Кюсю аралынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 675,8 миң (2009). Эл аралык аэропорту бар. Деңиз порту. 16-кылымдын аягында негизделген. Мунаралуу капка (1607), будда храмы ж. б. сакталган. Текстиль, тамак-аш, химиялык, машина куруу, электр жабдуулары (күн батареяларын чыгаруучу завод), кагаз өнөр жай ишканалары, мөмө-жемиш менен жашылчаларды белендөөчү, фарфор жана жарым өткөргүчтөр өндүрүштөрү иштейт. Көркөм буюмдар да чыгарылат. Балык кармап, белендөө кеңири өнүккөн. Университеттер, лютеран колледжи, музейлер бар. Туризм өнүккөн.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)