Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кум шаары Иран

Кум шаары, Иран, Кум, Гом — Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Кум останынын (провинция) администрациялык борбору. Кум дарыясынынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2009). Автомобиль жана темир жол тоому. Сасаниддер династиясынын ханы Кавад I тарабынан негизделген. Кум — мааниси жагынан 17-кылымдан мусулман шейиттердин Мешхедден кийинки 2-ыйык шаары. Шаарда 1980-жылдан аятолла Р. М. Хомейнинин резиденциясы (учурда музей) болгон. Фатима Масуме комплекси (16—20-кылым, Фатиманын мавзолейи менен), Хазрат Масуме, Азам (1996) жана Жамкаран (13—14-кылым, Кумга жакын жерде, зыярат кылуучу 2борбор) ж. б. мечиттер сакталган. Университеттер (1980, анын ичинде Тегерандагы Азад ислам университетинин филиалы), музей (1936), китепканалар бар. Нефть ажыратуучу, айнек, текстиль (кебез-кездеме, кыл торко, тигилүү кийимдер) ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кустардык кол өнөрчүлүк өнүккөн, килем токулат. Карапа буюмдар чыгарылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)