Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кулунчак

Кулунчак (Aconitum leucоstomum) – уу коргошун уруусуна кирген өсүмдүк түрү. Бийикт. 65-200 смге жеткен көп жылдык чөп. Бүт өсүмдүк суюк кирпиктей же тармал түктүү. Жалбырагы чоң, туурасы 25 смге, уз . 15 смге жетет, теңине чейин терең манжадай тилкелүү. Гүлдөрү сабактын учунда кесек калемчедей топ гүлдү түзөт. Желекчеси көгүш кызыл, майда түктүү. Аталык менен энеликтери түксүз. Мөмөсү – оролгон жалбырактай, көп уруктуу кутуча. Бийик тоодогу шалбаада, токой арасында өсөт. Кыргызстанда Күңгөй, Тескей, Кыргыз Ала-Тоолорунда , Сарыжаз өрөөнүндө, Суусамырда , Узунакмат тоосунда кездешет. Тамырынын дарылык касиети бар, ал эми бардык органдары малга уу. к. Уу коргошун.

Кулунчак – Түштүк Кыргызстандын жана Чүй боорундагы эл арасында Чырашты "Кулунчак" деп да айтышаары ж-дө маалымат бар, к. Чыраш .

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)