Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кулпунай

Кулпунай, клубникa (Fragaria moschata) — өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп. Кожогатка окшош. Бийиктиги 30—35 см, жалбырагы чоң, үч ача, түктүү. Гүл сабы жалбырактарынан бийик өсөт. Гүлү ак, бир жыныстуу, айрым эгилме түрүнүн гүлү кош жыныстуу. Жемиши майда (2—3 г), кызыл, көк, сулпу ак, ширелүү, жыпар жыттуу. Жапайы түрү Европада кездешет. Эгилме түрү Франция, Италия, Англия, Германия жана КМШ өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Жемиши жаңы кезинде желет, ошондой эле кыям, компот кайнатылат, шире алынат. Кулпунай суукка байымдуу, кургакчылыкка чыдамсыз. Көлөкө жерде жакшы өсөт. Сорттору: Шпанка, Милан ж. б. Акыркы жылдары кулпунайды кожогатка кыйыштыруу жолу менен гибрид алынган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)