Куляб аймагы

Куляб аймагы Амударыянын жогорку агымындагы Ысар-Алай кырка тоосунун этегин камтыган аймак, 18-кылымда Бухара хандыгынынбир аймагынын (облусу) аталышы. Кыргыздар Алайды жана Каратегинди 16-кылымдан ээлеп турушкан. 17-кылымдын башталышында кыргыздар батышка Ысар-Кулябды карай жылып, батыш аймактагы чектери Кулябга чейин жеткен. Бул жерден кыргыздар коңшулаш Куляб аймагынын жана Бухара хандыгынын айрым жерлерине чабуул коюп турушкан.
17-кылымдын 20-жылдарынын аягында аталган аймактагы кыргыздарга Аштарханийлердин Балхтагы башкаруучусу Надир-Мухаммед Абдрахман аталык жооп кылып, кыргыздарга кол салган. Анын жортуулу Алайдагы кыргыздарга чейин жеткен. Тарыхый булактар боюнча түндүк кыргыз урууларынын басымдуу бөлүгү калмактардын кысымынан улам 17-кылымдын аягы, 19-кылымдын 1-чейрегинде Куляб аймагына чейин көчүп барышкан. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар Көлөпкө кирди» деген сөз сакталып калган.







Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Башкы ред. ү. А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага), Т. Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А. Ж. Жуманалиев, ж. б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)