Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кулак чуулдоо

Дени соо киши ызы-чуу жок жерде деле К. ч-ну сезиши мүмкүн, бул ички кулакты кан менен жабдуучу майда кан тамырларда кандын жылышынын угулушу (физиологиялык К. ч.). Ооруга байланыштуу К. ч-го (патологиялык К. ч.) угузуучу нервге кандын бирдей эмес келиши же ички жана ортоңку кулактын оорусу, коргошун, мышьяк, сымап, алкоголь, никотин менен өнөкөт уулануу, гипертония оорулары, гипотония жана башка себеп болот. Кулак чуулдаганда начар угат, угуу начарлаган сайын кулак катуу чуулдайт. Бирок, дүлөй болуп калганда К. ч. басылып калат. Психикалык козголуулардагы артерия басымынын өзгөрүшү, өтө чарчоо аны күчөтөт. Кээде кош бойлууларда, ошондой эле климакс мезгилинде да болот. Ал кулак жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын эң алгачкы белгилеринин бири болгондуктан К. ч. башталганда врачка кайрылуу керек. Кош бойлуулар кулагы чуулдашын байкары менен аялдар консультациясына кайрылганы оң. Себеби бул артерия басымынын өзгөрүшүнүн жана талгактын алгачкы белгиси болуп эсептелет (Шилтеме: Талгак).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)