Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Куйрук-боор

Бул - козу-койдун куйругуна боорду аралаштырып, туздап, кабаттай кармап жеш. Боор бат бышкандыктан аны солкулдак чагында чыгарып алат. Куйрук жумуру болгондуктан анын ойдогудай бышышы үчүн бишкектеп да коет.

Эт тартылаары менен куйрук-боор өзүнчө табакка келет. Куйрук да, боор да сыйда кесилет. Боорго караганда куйрук калыңыраак алынат. Көпчүлүк жерлерде негизи чыланган тузга малынып желет. Же асыл тамакка абалы туз татытыла келип коюлат. Жайдары (куйруктуу) койлорду баккан аймактарда куйрук-боорду салттуу-барктуу тамак катары баалашат. Муну айрым жерлерде туз татытпай эле сунуп жүрүшөт.
Жайгаштыруу: 2017-08-30, Көрүүлөр: 908, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-08-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо