Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Куймалар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Куймалар

Таза темирди көрдүңүз беле? Көрбөсөңөр керек. Бул - өтө сейрек кезигүүчү нерсе. Аны татаал жол менен бир аздан гана алууга болот. Бирок металлургдар таза темирди алууга аракеттенишпейт. Анткени, ал ушунчалык жумшак болгондуктан мык да, аспап да жасаганга жарабайт. Ал эми башка металлдардын абалы кандай?

Мисалы, алюминий - азыркы мезгилде темирдин негизги атаандаштарынын бири. Таза алюминий мискей жасаганга эле жарайт, анткени ал өтө жумшак. Андан эч качан учак курууга болбойт. Таза жезден чоң бурама да, тиштүү дөңгөлөк да жасоого болбойт. Өңү бат өчүп калгандыктан, жезден майда тыйындарды кооздоп жасоо иши да токтотулган.

Деги биздин турмуштагы бардык металл буюмдар эмнеден жасалган? Алар куймалардан жасалат. Латунь - жез менен цинктин куймасы. Латунь жез менен цинкке караганда катуу, бирок жез сыяктуу эле чегилип жакшы кооздолот. Коло - жез менен калайдын куймасы. Балким, бул эң байыркы куймалардан болсо керек. Бир мезгилде өтө жумшак, оңой сүрүлүп жок болуучу жезге бар болгону ондун бириндей бекем эмес морт калайды кошуп, катуу куйма алышкан.

Андан тиштүү бекем дөңгөлөк, түтүк жасап, статуя куюшкан. Эгерде алюминийге анча-мынча жез, марганец жана магний кошуп эритсе, ал болоттой катуу металлга айланат. Бул дуралюминий деп аталып, алюминийдей жеңил, бирок өтө бекем болот. Андан самолётторду куруп, үйлөрдүн керегесин даярдайт. Көп учурда металлды эритүүдө ага бир аз башка заттарды кошуп койсоң, анын касиети тез өзгөрүлөт. Кадимки болоттун курамында көмүртектин жүздөн бир бөлүгү болгондуктан, темирден айырмаланып турат. Эгерде кадимки болотко аз санда башка металлдардан кошулса, легирленген болот келип чыгат. Мындай болотторго биз күндө көрүп жүргөн дат баспоочу болот да кирет... Хром менен никелдин кошулушу болотту дат баспаган касиетке жеткирет.

Эгерде болотко хром менен вольфрамды кошсо, анда тез кескич болот алынат экен. Токарь жана фрезер станокторундагы мындай болоттон жасалган кескичтер иштөө мезгилинде кара кочкул болуп кызарса да, өзүнүн катуулук касиетин жоготпойт. Азыркы кезде куймалардын саны ушунчалык көп. Алардын баарын тизмелесең өзүнчө эле бир китеп болмок. Ысыкка чыдамдуу, оңой эритилүүчү, өтө бекем, ийилчээк, оор жана жеңил куймалар азыркы машиналардын жүздөгөн, миңдеген тетиктери үчүн өтө керек.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2350, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу