Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Куб жана параллелепипед

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Куб жана параллелепипед

Кичине кезибизде бизге кандай гана кубиктерди белек кылышпады! Жыгачтан жана пластиктен жасалган кызыл же сары түстүүлөрү, чоңдору жана кичинелери - деги абдан эле көп! Бул кубиктердин баары - кубдардын чоң бир түркүмүнө кирген түрлөрү. Ар бир кубдун алты жагы бар: төрт капталы, эки негизи. Бул ар - жактары бирдей квадраттар. Кубдун бипбирдей 12 кыры болот, ошондуктан кубдун узуну, туурасы жана бийиктиги да бирдей. Эгер өзүңөр куб жасагыңар келсе биздин сүрөткө карап бирдей 6 квадрат чийгиле.

Алардын төртөө бир катарда турсун, ал эми бирөө алардын астында, бирөө үстүндө болсун. Бул чиймени кагаздан кыркып алып беш жеринен бүктөп, куб кылып жабыштыргыла. Куб дегенди түшүндүңөр. Ал эми паралеллепипед деген сөз эмне билесиңерби? Куб да параллелепипедге кирет. Ал - параллелепипеддин ичинен силерге эң биринчи белгилүү болгону. Эгерде кубду карама-каршы эки жагы на параллель кылып, экиге бөлсөк, эки жаңы параллелепипед келип чыгат. Ушинтип улам кийинки бөлүгүн дагы бөлө берсек, улам жаңы параллелепипеддер алына берет.

Мындай параллелепипеддер тик бурчтуу параллелепипед деп аталат. Анткени алардын төрт каптал жагынын, эки негизинин бурчтары тик. Бирок негиздери тик бурч эмес параллелограмм болгон параллелепипеддер да бар. Параллелограмм да төрт бурчтук, анын карама-каршы жактары бири бирине дайыма параллель болгону менен жанаша жактары дайыма эле перпендикулярдуу болушу зарыл эмес, ошондуктан бурчтары да тик болбошу мүмкүн. Параллелепипеддин негиздери эле эмес каптал жактары да пареллелограмм болушу ыктымал, мындай учурда ал жантайыңкы болуп калат. Параллелепипед, өзгөчө тик бурчтуу параллелепипеддер биздин айланабызда өтө көп. Куту, китеп, яшик, шкаф, ал тургай көп кабаттуу зор үйлөр да көбүнчө параллелепипед түрүндө болот. Параллелепипеддин кубдан айырмасы - анын узуну, туурасы, бийиктиги бирдей эмес.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4940, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо