Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ксенон

Ксенон (лат. Xenon, грек. Xenos - чоочун),– Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 5-мезгилинин VIIIА группа элементи, асыл газдарга кирет, к. н. 54, ат. м. 131,30. 1898-ж. У. Рамзай менен М. Траверс ачкан, ал эми алгачкы хим. бирикмесин XePtF6 Н. Бартлет алган. Табигый К. туруктуу 9 изотоп аралашмасынан турат: 124Xe (0,096% көлөмү б-ча), 126Xe (26,98%), 128Xe (10,44%), 129Xe (0,090%), 130Xe (1,92%), 131Xe (24,44%), 132Xe (4,08%), 134Xe (21,18%), 136Xe (8,78%). Уран минералынан жана ядролук жарылууда бөлүнгөн К. изотоптору (133Xe, 135Xe) b нурларын бөлүп чыгарат. Окистенүү даражалары +2, +4, +6, +8. Иондошуу энергиясы: Xe0 ® Xe+ ® Xe2+ ® Xe3+ ® Xe4+ (эВ м-н) 12,13, 21,21, 32,13, 46,62 барабар. Полинг б-ча терс электрдүүлүгү 2,6, ат. радиусу 2,18, коваленттик радиусу 1,30. Атмосфера курамында 8,7×10-6% (көлөм б-ча), жалпы запасы 1,6×1011 м3 түзөт. Жер кыртышында ураны бар кендерде кездешет. К. мол-сы бир атомдон турган түссүз, жытсыз газ, кайноо темп-расы 108оС, катуу абалындагы тыгызд. 2,700 г/см3 (133о К), суюк – 2,987 г/см3 (165о К), газ – 5,85 кг/см3 (273оК, 0,1 МПа). Катуу К. кубдук кристаллдык торчого ээ: a=6,197Е (58оК), z=4. Сууда эригичтиги 0,242×10-3 м3/кг - 0,1 МПа, 273о К жана 0,097×10-3 м3/кг - 0,1 МПа, 298о К. К. суу жана башка орг. заттар менен клатраттар, галогендер менен эксимердик бирикмелер XeF, XeF4, XeF6, XeO4, Xe×6H2O ж. б. пайда кылат. Перксенаттары да белгилүү: Na4XeO6× XeO4 балкып эрүү темп-расы 5,80С, FХeOClO3, Xe(OClO3), FХeSO3F, XeCl2, XeCl4, XeClF, XeBr2 ж. б. К. абадан алышат. Электр-вакуумдук техникада, жарык берүүчү лампада газ разрядын жана импульстук кубаттуу жарык берүүчү булактарын алууда колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)