Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кросс

Кросс — табигый өңгүл-дөңгүл жерде спорттук чуркоо, лыжа тебүү же велосипед, автомобиль, мотоцикл менен жарышуу. Түз эмес жерде жүгүрүү адамдын турмушунда эзелтеден бери эле колдонулуп келген. Атайы мелдештер да уюштурулган. Жүгүрүүдөгү маршруттун тез-тез алмашып турушу эмоциялык жакшы сезимдердин пайда болушуна жардам берет. Мындан тышкары край таануу максатында колдонсо да болот. Жүгүрүү үчүн абасы таза, токойлуу, сууга жакын жерлерди тандап алуу жакшы натыйжаларды берет. К-тук жүгүрүүлөр бардык жаштагы кишилерге пайдалуу. Алар ден соолукту чыңдоого, өзгөчө жүрөк-кан тамыр, дем алуу системаларынын иштеринин жакшырышына алып келет. К. активдүү эс алуу каражатына кирет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)