Кристалл

Кыштын мемиреген күнүндө сыртка чыгып акырындап жаап жаткан кар бүртүктөрүнө абайлап көз салып көргүлөчү. Бул кичинекей жылдызчалар өтө ичке муз ийнечелерден куралган. Кээде гана алты бурчтуу туташ, туюк пластинкага окшогондору кезигет. Кар бүртүктөрү дайыма алты бурчтуу болот. Мындай окшоштугуна карабастан алар өтө ар түрдүү. Муз ийнечелер ар бир бүртүкчөдө ар башкача айкалышып, бири бирине окшобогон кооз түймөлөрдү түзөт.

Бир окумуштуу 2500 кар бүртүкчөсүн фотосүрөткө түшүргөн, алардын бардыгы тең бири бирине окшош эмес болуп чыккан. Өзөндөгү калың муз карандашка окшогон алты бурчтуу таякчалардан куралган. Аларды жазында муз эрий баштаганда көрүүгө болот. Кар бүртүкчөлөрүндөгү ийнечелер жана муздагы карандаштар - тоңгон суунун кристаллдары. Кристаллос деген грек сөзү муз дегенди билдирет. Бирок бул сөз менен жеке эле тоңгон суунун кристаллын гана аташпайт. Таш, тоо тектери (дээрлик бардыгы) кристаллдардан турат. Металл кендери жана алардан тазаланып алынган металлдар, туз, кант жана биз күн сайын көрүп жүргөн көптөгөн башка нерселер кристаллдуу заттар болуп эсептелет.

Кристаллдардын ичинен эң коозу - асыл таштар. Кристаллдар өзгөчө касиетке ээ. Бул касиеттер кристаллдын кандай атомдордон тургандыгына, ошондой эле бул атомдордун кандайча жайгашкандыгына жараша болот. Кристаллдардын ички түзүлүшүнө сүңгүп кирүүгө рентген нурлары жардам берди. Кристаллдагы ар бир атом белгилүү бир сандагы кошуна атомдор менен байланыштуу экен. Булардын баары тең белгилүү бир тартипке жайгашкан. Ар бир кристалл үчүн бул сан жана тартип дайыма туруктуу. Ар бир заттын кристаллынын өзүнчө формасы бар. Мындай бир тажрыйба жасап көргүлө. Банкага ысык суу куюп, ага тузду эрибей калгычакты сала бергиле.

Ичке жибек жиптин учуна туздун чоңураак кристаллын байлагыла. Эритме муздаганда бул кристаллды банкага салгыла. Бир нече күндөн кийин кристаллдын чоңоюп кеткенин байкайсыңар. Жибек жипте ал тургай кристаллдардын кооз чолпусу пайда болушу да мүмкүн. Силер бул тажрыйбаны канча жолу жасабагыла, баары бир кристаллдардын формасы дайыма бирдей болот. Бирок кээ бир заттардын кристаллдары бир эмес эки, үч же андан да көп формада болушу мүмкүн. Албетте алар да дайыма туруктуу болот. Мисалы, көмүртек мына ушундай зат. Атомдордун кандай жайгашкандыгына жараша ал бирде алмаз - кооз, тунук, дүйнөдөгү эң катуу таш түрүндө болсо, бирде силер карандаштан көрүп жүргөн каралжын, жумшак графит түрүндө болот. Кристаллдардын башка касиеттери да бар. Жылуулук кристаллдын узуну жана туурасы боюнча бирдей таралбайт.

Аны ысытканда ал ар кайсы багыт боюнча ар түрдүүчө кеңейет. Окумуштуулар кристаллдарды ар тараптан изилдеп жатышат. Азыр аларды изилдөө үчүн микроскоп менен рентген нурларынан башка да көптөгөн куралдар бар. Кристаллдардан абдан керектүү көптөгөн буюмдар жасалат. Мисалы, жарым өткөргүч кристаллдар радио-техникада колдонулат. Сааттын таштары да - кристаллдар. Кристаллдардын колдонулуш чөйрөсү өтө кеңири.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)