Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Криотерапия

Криотерапия — муздатуу менен дарыло. Мында төмөнкү температура менен ткань, орган же бүт организм муздатылат. Дарылоо максатында илгертен ооруган жерге муз же сууланган чүпүрөк басышкан. Тоңдурбай мелүүн муздатуу медицинада сезгенүү процесстерин, ооруну басаңдатуу жана кан токтотуу, шишикти таратуу максатында колдонулат. Анын таасиринен кан тамырлар тарып, кандын келиши азаят жана муздаган жерде зат алмашуу төмөндөйт. Муздакты өт баштыкчасы, карын, уйку бези сезгенгенде, аппендицитте, урунганда, сыныктарда, ошондой эле өпкөдөн, мурундан, ичеги-карындан кан кеткенде ал жерге басат же муздак жуткурат. Кыска мөөнөттүү операцияларда хлорэтилди чачыратып, ткандарды тоңдуруп, алардын сезгичтигин жоготот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)