Крикотин Степан Павлович

Крикотин, Степан Павлович (1910, Оренбург облусу, Ново-Покровка району, Ново-Микайловский кыштагы – 1985, Фрунзе ш.) Социалисттик Эмгектин Баатыры (1963). Эмгек жолун 1937-ж. Кыргыз ССР Геол. башкармасында баштап, геол.-чалгындоо партиялардын бургулоочу мастери, бургулоо участкасынын прорабы болуп иштеген. Түстүү металл кендерин чалгындоодо ж-а өндүрүштүк тапшырмаларды жогорку технология-экономикалык көрсөткүчтөр менен орундатууда эмгектеги зор ийгиликтерге жетишкен. Көп жылдык ишинде жүздөгөн жумушчуну бургулоо адистигине үйрөткөн. Ленин ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)