Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кремль жонундо маалымат

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кремль жонундо маалымат

"Кремль жонундо маалымат" - мындан cегиз кылым мурда Неглинка суусу Москва дарыясына куйган жердеги бийик дөңсөөгө орус князы Юрий Долгорукийдин буйругу боюнча жыгачтан чакан чеп курулган. Руста ал мезгилде ушундай чакан чеп - шаарчалар көп болгон. Дал ушул шаарча менен чепке ушундай сыймыктуу даңк жана улуу тагдыр туш келээрин анда эч ким билген эмес, билиши да мүмкүн эмес эле. 13-кылымда Москва орус княздыгынын биринин борбору болгон. 14-кылымда москвалык князь Иван Калита эмен жыгачынан жаңы чоң чепти - Кремлди курдурган. Жарым кылымдан кийин аның небереси Дмитрий Донской Кремлдин дубалын ак таш менен көтөрткөн. Дагы жүз жыл өткөн соң, Москва кубаттуу жана зор, бирдиктүү Орус мамлекетинин борбору болуп калат. Мына ошондо, 15-16-кылымдын аралыгында биз билген азыркы Кремль тургузулган.

Успенский, Архангелский жана Благовещенский соборлорунан турган Собор аянты Кремлдин борбору болгон. Мамлекеттин башкы собору - Успенье соборунда падышалар такка отургузулуп, эң маанилүү билдирүүлөр жарыяланып турган. Собордун ичи орустун көрүнүктүү сүрөтчүсү Дионисийдин фрескалары, 11-13-кылымдагы байыркы иконалар менен кооздолгон. Блоговещенский соборундагы иконаларды Байыркы Рустун эң сонун живописчиси Андрей Рублёв тарткан. Кремлдин дубалы, дарбазасы, мунарасы, Иван Великийдин коңгуроо мунарасы, эң кооз кырдуу палата курулду. Кырдуу палатанын салтанаттуу кабыл алуу залындагы шыпка жана дубалга тартылган сүрөттөр чет өлкөлүк меймандарды таң калтырган. Ушул имараттардын ар бири курулушчу, таш менен жыгач оюп кооздоочу, чеканкалоочу, алтын менен күмүш иштетүүчү, металл куюучу чебер адамдардын даанышмандыгынын жана мээнеткечтигинин таң каларлык, кайталангыс эстелиги. 17-кылымда Кремль мунаралары чатырланып, укмуштуу Терем сарайы - падышанын үй-бүлөсү жашоочу бөлмөлөр курулган. "Кремль жонундо маалымат" улантуу менен айта кетсек 18-кылымда Кремлдин аймагында архитектор Казаковдун заңгыраган эң сонун имараты менен Арсенал пайда болгон.

19-кылымда аларга Кремлдин Чоң двореци менен эң эски, бай музейлердин бири - курал-жарак палатасы кошулган. Советтик мезгилде Кремлдеги тарыхый имараттардын ансамблин шаңдуу зыңкыйган Съезддер двореци толуктады. Россиянын тарыхынын эң көрүнүктүү жана баатырдык окуялары Кремль менен байланыштуу. Дмитрий Донскойдун кошуундары душманга каршы жортуулга ушул жерден аттанышкан. Кремль өз элин польшалык жана швециялык баскынчылардан боштондукка чыгарган Минин жана Пожарскийдин кошуунун шаан-шөкөт менен тосуп алган. Кырдуу палатада Земство собору Украинанын Россияга кошулушу жөнүндө чечим кабыл алган.

Ушул жерде Пётр I Карл XII менен швед аскерлерин кыйраткан Полтава жеңишин майрамдаган. Октябрь революциясынан кийин Петрограддан Москвага, Кремлге Совет өкмөтү көчүп келген. Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын съезддери, СССР жана РСФСР Жогорку Советтеринин сессиялары, эл аралык кеңешмелер, конгресстер Кремлде өткөн. Каардуу Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында Кремлде Жогорку Башкы Башкармачылыктын Ставкасы иштеген. Кремлдеги ар бир имараттын, таштын өзүнчө тарыхы бар. "Кремль жонундо маалымат" ушундай достор, кошумча ойлоруңуз болсо жазып койгула.

Сайтка жарнама жайгаштыруу