Козу карын оорулары

Козу карын оорулары - козу карындардын арасында айыл чарба өсүмдүктөрүнө түрдүү оору таркатуучу түрлөрү көп. Мисалы, ольпидиум козу карыны капустанын, синхитриум картошканын мителери. Учурда жаратылышта эң көп таркаган К. к. о. «кара көөлөр» - дан өсүмдүктөрүнө (буудай, сулу, жүгөрү жана башка) өтө зыян келтиришип, дандын ордуна «көөлөр» пайда болот. Ошондой эле дат козу карындар, трутовиктер, дейтеромицеттер да чарбачылыкка өтө зыяндуу. Учурда токойлордо, бактарда трутовиктер көп жана алар дарактарды кыйратышат. Дат козу карындары жапайы жана маданий өсүмдүктөрдө өзгөчө илдеттерди пайда кылат.

Дейтеромицеттерден вертицилиум козу карыны пахтага өтө зыян келтирүүчү мите. Анын мицелиясы пахтанын тканына кирип, аны соолутат.

Күрөшүүнүн негизги жолдору: агротехникалык эрежелерди сактоо, туруктуу сортторду алуу, хим. жана биологиялык күрөшүү методдорун колдонуу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)