Кожожаш өрөөн

Алай кырка тоосу жана Кулдуктоон унаралыгында. Аянты 120 чарчы/чакырым, уз.42 км, туурасы 12–30 км. Деңиздеңг. бийикт.1800–4000м. Батышы кууш, тармактанган тик капчыгайлардан турат, чыгышы жазы. Палеозой дун сланец, акиташ тектеринен түзүл-гөн. К. ө.—тектон.-эрозиялык өрөөн. Кли - маты континенттик. Июлдун орт. темп-расы 18° С, январдыкы —10°...—15°С гечейин, жылдык жаан-чачыны 350–500мм. Суулары: Жылуусуу, Уялусуу, Кулп. Курчаган тоолордун өрөөн жак беттеринде 20дан ашык майда мөңгү бар. Ирилери: Уялу-суу, Кулп. Жылуусуу жана Уялусуу суарынын алабында(3000 м бийиктикте) 18 ден ашык ысык(темп-расы 50°С ден жогору, составында күкүрт басымдуу) булак чыгат. Таманын маданий ландшафт ээлейт, андан жогору талаа(1800–2500 м),токой (2500— 3200 м) субальп, альп шалбаалуу талаа жана кар-мөңгү (3500мден жогору) жатат. Шалы эгилет. Баткен районун жайлоосу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)