Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кожомкул

Баш барак | Биографиялар | Кожомкул

Каба уулу Короодо жаш балдар күрөшө кетишсе: Мен Кожомкулмун, жок мен Кожомкулмун, - дешкенин аксакалдар сынга толгон жигиттерди: Ай, жигит болбосоң коё кал! Анык эле Кожомкул, - деп алкашканын угуп калабыз. Кожомкул Суусамырда туулган. Атасы Каба атагы бир топ жерге жеткен балбандардан эле. Каба баласынын кыймыл-аракетин, келбетин байкап, анын балбандыгын арттырууга кеп-кенеш берип турган.

Кожомкул жаш кезинен эле аш-тойлордо өткөрүлүүчү эңиш-күрөшкө катыша баштайт. Кайсы бир тойдо күч сынашып көргүсү келген мактан-чаак бир байдын сунушуна макул болот. Көйрөң немени көтөрө чаап, эл алдында уят кылат. Ошондон тартып ал баатыр, балбан атала баштайт. Бай ага көп жолу асылып, ал тургай жаңы тон, калтар тебетей кийгизип, он кой тартуу кылайын бир ирет жыгылып бер деп жалынат.

Кожомкул мындай соодага барган жок. Анткени ал өз күчү менен соода кылууну ойлобогон карапайым адам эле. Балбандын даназасы айылдан-айылга угулат. Ал күрөш менен эңиштен эч бир адамдан женилбеген. Казак элинен чыккан далай балбандар менен да күч сынашып жеңишке жетишкен. Бирок ал ушул балбандар менен жакшы, достук мамилесин бузган эмес.

Кармашып жатып колун сындырган Теке баатыр экөөнүн достук мамилеси буга күбө. Суусамырдагы айыл советинин биринчи төрагасы болгон. Минген атын желкесине көтөрүп алып ашуу ашкан деген уламыш эл арасында кеңири тараган. Мунун төгүнү жок. 1935-жылы айыл советинин мүчөлөрү райондун борборунан кайтып келатышып, ашуунун этегине келгенде борошого кабылышат.

Ашууну кар басып, жол тосулуп калат. Аттар чаалыгып жүрбөй калганда Кожомкул өз атын так көтөрүп желкесине арта салат да, жолдун нугун издеп кар малтап олтуруп, ашуунун белин ашып кетет. Берки беш жолдошунун аттарын да так ушинтип көтөрүп ашуудан алып өтөт. 47 жашында Кожомкулдун бою 197см, салмагы 164 кг, манжаларынын узундугу 26см болгон.

Бирок эл аны балбан болгон үчүн гана кадырлабайт. Кожомкулдун балбандык күчү анын жан-дүйнөсүнүн адалдыгы менен айкашкан. Кыргызстанда 1962-жылдан эркин күрөш боюнча Кожомкул атындагы байге үчүн мелдеш өткөрүлөт. Ага жыл сайын Орто Азия респуб ликаларынан, Казакстандан жана Россиядан балбандар катышат. Бишкек шаарындагы спорт сарайына Кожомкулдун ысымы берилген.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 456, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо