Кожомбердиев Ысман

Кожомбердиев Ысман (1928–1988) – кыргыздын тунгуч адис-археологу, тарых илимининин кандидаты (1987).

Сузак районундагы үчмалай кыштагында туулган.

1946–50-жылы Кыргыз мамлекет педагогика институтун бүтүргөн.

1954– 88-жылы Кыргыз ИАнын Тарых институтунун илимий кызматкери (1973–86-жылы Археологиялык секторунун башчысы) болуп иштеген.

Кетментөбө, Талас, Чаткал, Чүй өрөөндөрүнө жасалган археологиялык кошуундарды жетектеп, коло дооруна жана байыркы көчмөндөргө таандык археологиялык эстеликтерди изилдеген. 60тай илимий эмгеги бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)