Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кожогор эстелиги

Кожогор (Ходжа-Гор) эстелиги – жогорку палеолит дооруна таандык (биздин заманга чейинки 15–11-кылымдарга таандык.) археологиялык эстелик. Кыргызстан менен Тажикстандын чегарасындагы Исфара суусунун өрөөнүндө Ходжа-Гор кыштагына жакын жерден 1954-жылы А. П. Окладников тарабынан табылган. Жогорку сапаттагы тунук, кара, жашыл түстөгү оттук таштан жасалган түрдүү көлөмдөгү жана түзүлүштөгү нуклеустар, жалпак тегерек кыргычтар, башы учтуу куралдар, көзөгүчтөр, эки кыры тегизделген жалпак таштар, жараңкалар табылган. Таш куралдары Каспий деңизи тарабында жогорку палеолит мезгилинде даярдалган куралдарга жакындыгы бар. Мындай куралдар Крымда, Иранда, Алдыңкы Азияда, Египетте кездешет.









Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети

Башкы ред. ү. А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө. Ж. Осмонов (төрага), Т. Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А. Ж. Жуманалиев, ж. б.

тте кездешет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)