Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кожобеков Айдар

Баш барак | Биографиялар | Кожобеков Айдар

(1898, Тоң району, Көк-Сай айылы -1993, Ак-Суу району, Кайырма-Арык айылы) - артист. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1947). 1937—62-жылы Нарын, Ысык-Көл драма театрларында артист. Каармандардын образын, кулк-мүнөзүн жеткиликтүү даражада түзгөн. Аткарган негизги ролдору: Кыяз (К. Маликов, «Сейтек»), Корун (К. Жантөшев, «Курманбек»), Коробай (Г. Мусрепов, «Козу Көрпөш Баян сулуу») жана башкалар «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган. КОЖОБЕКОВА Сүйүмкан (1910-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Саруу айылы) - чабан, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1957). Эмгек жолун 1931-жылы Тоң районундагы Ленин атындагы к-зго мүчө болуп кирип баштаган. 1940-жылдан колхоздун баш чабаны. 1956-жылы ар бир ириктин салмагын 70 кгдан мамлекетке тапшырып, 3,5 кгдан жүн кыркып алган. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 458, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу