Кожобаев Канатбек Асекович (12.7.1948, Ысык-Көл областтык, Түп району, Ой-Тал айылы) — геолог, техника илимдер доктору (1996), профессор (2000), УИАнын академиги (2006). ФПИ-ни (1971), ММУда аспирантураны (1976), докторантураны (1991) бүтүргөн. ФПИде окутуучу, ага окутуучу (1971-73), доцент (1976-88), кафедра башчысы, КТУда декан (1992-94), КРдин Экономика жана финансы министрлигинде бөлүм башчысы (1995-98), Бишкек финансы-экономика академиясында кафедра башчысы (1998-2002), Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору (2002). Инженердик геология, геоэкология, гидрогеология, кыртыш механикасы боюнча адистик 100гө жакын илимий эмгектин автору, андан ичкери 3 монография, 3 ойлоп табуу күбөлүгү бар. Эмгектери: Тиксотропия, дилатансия и разжижение дисперсных грунтов. Б.,1991, Правила прогнозирования активизации оползней и зон их поражения при землятресениях в КР (в соавторстве). Б., 1997, Энергетический подход к сейсмическим воздействиям на нескальные грунты. Б., 2000, Гидрогеология, инженердик геология жана геоэкология боюнча кыскача түшүндүрмө сөздүк. Б., 2007.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер