Кожо бакырган сай (дарыя)

Кожо-Бакырган - С а й

Кожо-Бакырган-Сай — Баткен обласынын Лейлек району менен Тажик республикасыны Ходжент обласындагы суу, Сыр-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 117км, алабынын аянты 2150 чарчы/чакырым. Туркстан кырка тоосунун түндүк капталынан башталат. Баш жагы Лайли-Мазар, ортоңку агымында (коп бөлүгү) Кожо-Бакырган томен жагы Кожо - Бакырган-Сай деп аталат. Жогору жана ортоңку агымында тоо аралап кууш ороондор менен агат. Аучи-Калачи кыштагы ченде ороонго чыгып, озону кецеет жана суунун кебу сугат каналдарына бөлүнүп кетет. Ири куймалары: Орем, Жети-Копуро, Берк-Суу (оц), Кожо-Бакырган-Сай (сол). Негизинен кар, мөңгү жана жер астындагы суудан куралат. Апрелде кирип, октябрда тартыла баштайт. Жылдык орточо чыгымы Андаркан кыштагына жакын 11,0 ж3/сек, эң көбү 100 м3/сек, азы 3,4 м3/секта жетет. Кожо-Бакыргандандан Кулунду (Кыргыз ССРи), Гулянандоз (Тажик ССРи) ж. б. каналдары чыгарылган. Боюнан Лейлек, Андаркан, Тагап, Кызыл-Чарба, Озгеруш, Аучи-Ка¬лачи ж. б. кыштагынан орун алган. Кожо-Бакырган-Сайдын сол жээгинен б. таш доорун - дагы адамдардын журту табылган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)